Шайлоо алдындагы үгүт иштери 29-ноябрда саат 8:00дө токтойт

  • 7 месяцев мурун

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттыгына мөөнөтүнөн мурда шайлоо алдындагы үгүт иштери эртең, 29-ноябрда саат 8:00гө чейин созулат, андан кийин үгүт иштери токтойт.

БШК билдиргендей, шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн башталып, добуш берүүгө 24 саат калганда токтойт.

Алдыдагы шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жаткандыктан, жалпы шайлоо процессинин мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылган. Ошого ылайык, шайлоо алдындагы үгүт 20 күнгө уланат. Тактап айтканда, 2025-жылдын 10-ноябрынан 2025-жылдын 29-ноябры, саат 8:00гө чейин.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 27-ноябрда № 22 жана № 24 көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Лира Акунованын жана Гүлназ Халилованын каттоосун жокко чыгарды.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо процессин аяктады. Жалпысынан 30 шайлоо округунан 467 талапкер катталды. Алардын ичинен 276 эркек, ал эми 191 аял талапкерлер. Мурда эки талапкердин каттоосу жокко чыгарылып, 465 талапкер калган. Эми 463 талапкер калды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты