Депутаттыкка эки талапкердин каттоосу жокко чыгарылды

  • 3 месяца мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 27-ноябрда № 22 жана № 24 көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Лира Акунованын жана Гүлназ Халилованын каттоосун жокко чыгарды.

БШКга шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу талапкер Акуновадан арыз 26-ноябрда, ал эми талапкер Халиловадан 27-ноябрда түшкөн.

Шайлоо мыйзамдарына ылайык, талапкерлердин арызынын негизинде № 22 жана № 24 көп мандаттуу шайлоо округдарынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Лира Акунова жана Гүлназ Халилованын каттоолору жокко чыгарылды.

Бишкек шаардык  ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, депутаттыкка талапкер А. Л.нын жакын туугандары до шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча кылмыш иши козголду.

Свердлов районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 196-беренеси («Шайлоочулардын добушун сатып алуу») боюнча кылмыш иши козголду.

Маалыматта айтылгандай, добуш сатып алууну уюштурган адам Жогорку Кеңешке депутаттыкка талапкер Х.Г.нын расмий үгүтчүсү экени такталган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо процессин аяктады. Жалпысынан 30 шайлоо округунан 467 талапкер катталды. Алардын ичинен 276 эркек, ал эми 191 аял талапкерлер. Мурда эки талапкердин каттоосу жокко чыгарылып, 465 талапкер калган. Эми 463 талапкер калды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты