БШК депутаттыкка талапкер Бообековдун каттоосун жокко чыгарды

  • 7 месяцев мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 16-ноябрда, № 18 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Бахтияр Бообековдун каттоосун жокко чыгарды. Эми катталгандардын 465и калды. Буга чейин 466 талапкер калган.

Шайлоого катышуудан баш тартуу тууралуу арызы менен талапкер Мырзабеков  БШКга 13-ноябрда кайрылган.

Бугга чейин БШК № 20 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Алдаяр Мырзабековдун каттоосун жокко чыгарган.

Эми катталган талапкерлердин 465и калды.

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо процессин аяктады. Жалпысынан 30 шайлоо округунан 467 талапкер катталды. Алардын ичинен 276 эркек, ал эми 191 аял талапкерлер.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты