Жогорку Кеңешке депутаттыкка 467 талапкер катталды
- 7 месяцев мурун
КРнын Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо процессин аяктады. Жалпысынан 30 шайлоо округунан 467 талапкер катталды. Алардын ичинен 276сы эркек, ал эми 191и аял талапкерлер.
Маалыматка ылайык, талапкерлердин саны боюнча эң көп катышкан округ — №19 округ, анда 25 талапкер катталган. Эң аз талапкер катталган округ — №11 округ, анда болгону 5 талапкер бар.
БШКнын маалыматы боюнча, талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктап, эми шайлоо алдындагы үгүт иштерине даярдык көрүү этабы башталат.
Муну бөлүшүү




