Президент Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 30-ноябрга дайындады
- 9 месяцев мурун
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшембиге дайындалды. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка бүгүн, 30-сентябрда кол койду.
Жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 84-беренесинин 2-бөлүгүнө, президентит жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамынын 59-беренесинин 6-бөлүгүнө ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшембиге дайындалды.
25-сентябрда Жогорку Кеңеште парламенттин өзүн өзү таркатуу мыйзамы кабыл алынды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында, катышып жаткан 89 депутаттын 84ү макул деп добуш берди. Каршы добуш бергендер болгон жок.




