Шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды
- 1 месяц мурун
- Баяндар
Кыргызстанда бүгүн, 10-ноябрда, шайлоо алдындагы үгүт иштери башталды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.
Шайлоо алдындагы үгүт бардык талапкерлерди каттоо мөөнөтү аяктаган күндөн башталып, добуш берүүгө 24 саат калганда токтойт. Алдыдагы шайлоо мөөнөтүнөн мурда өткөрүлүп жаткандыктан, жалпы шайлоо процессинин мөөнөтү үчтөн бирге кыскартылган. Ошого ылайык, шайлоо алдындагы үгүт 20 күнгө уланат. Тактап айтканда, 2025-жылдын 10-ноябрынан 2025-жылдын 29-ноябры, саат 8:00гө чейин.
2025-жылдын 10-ноябрынан тартып талапкерлер, саясий партиялар жана башка кызыкдар жарандар шайлоочуларды белгилүү бир талапкерлер үчүн же аларга каршы добуш берүүгө үндөгөн, ошондой эле талапкерлердин шайлоо алдындагы программаларын эркин жана ар тараптуу талкуулоого багытталган ишмердүүлүктү жүргүзүүгө укуктуу.
Үгүттөө чогулуштарда, митингдерде, жалпыга маалымдоо каражаттары, ошондой эле интернет-басылмалары аркылуу жүргүзүлүшү мүмкүн. Шайлоо комиссиялары үгүт жүргүзүүнү жана шайлоочулар менен жолугушууларды өткөрүүнү камсыз кылууга тийиш.
Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үгүт жүргүзүү үчүн республикалык бюджет каражаттарынын эсебинен жолугушууларды өткөрүүнүн бардык талаптарына ылайык келген жайды, үгүт материалдарын илүү үчүн орундарды же аянттарды берүүгө тийиш.
Мыйзамга ылайык, төмөнкүлөр шайлоо алдындагы үгүт катары таанылат:
— тигил же бул талапкер үчүн добуш берүүгө же болбосо аларга каршы добуш берүүгө үндөөлөр;
— айрым талапкерлерге карата колдоону билдирүү;
— талапкерди шайлоонун же шайлабай коюунун мүмкүн болуучу кесепеттерин баяндап жазуу;
— талапкерлердин, алардын кесиптик иштерине же алардын өздөрүнүн кызматтык (кызмат орундук) милдеттерин аткарууларына байланышпаган ишмердиги жөнүндө маалыматтарды таратуу.
Талапкерлерге, саясий партияларга жалпыга маалымдоо каражаттарына жеткиликтүүлүктүн тең шарттарына кепилдик берилет.
Шайлоо алдындагы үгүттөө төмөнкүдөй жүзөгө ашырылышы мүмкүн:
— жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу;
— концерттерди, театралдаштырылган оюндарды жана спорттук иш-чараларды кошпогондо, ачык үгүт иш-чараларын (митингдер, чогулуштар, теледебаттар жана башкалар) өткөрүү аркылуу;
— басылма, көрмө-укма жана башка үгүт материалдарын чыгаруу жана таратуу жолу менен (үгүт материалдарын өлкөнүн аймагынан тышкары жерде даярдоого тыюу салынат, ар бир материалдын нускасы же көчүрмөсү БШКга тапшырылууга тийиш);
— конституциялык мыйзамда тыюу салынбаган башка тариздерде.
Төмөнкүлөргө үгүт жүргүзүүгө, кандай болбосун үгүт материалдарын чыгарууга жана таратууга тыюу салынат: мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчыларга, мамлекеттик саясий кызмат орундарын ээлеген адамдарга, Жогорку Кеңештин депутаттарын кошпогондо, атайын мамлекеттик жана саясий муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдарга, жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө, байкоочуларга, эл аралык байкоочуларга, диний ишмерлерге, кайрымдуулук иштери менен алектенишкен уюмдардын уюштуруучуларына жана мүчөлөрүнө, 18 жашка толо электерге, чет элдик жарандарга жана уюмдарга, жарандыгы жок адамдарга, аймактык коомдук өз алдынча башкаруунун кызматкерлерине.
Кыргыз Республикасынын аймагында таратылуучу чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарында шайлоо алдындагы үгүт жүргүзүүгө тыюу салынат.
Шайлоо мезгилинде чет өлкөлүк теле жана радио программалар жазылып алынган түрүндө көрсөтүлөт.
Тлапкерлердин жана саясий партиялардын ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды камтыган теле жана радио программаларды алып көрсөтүүгө тыюу салынат. Мындай учурларда көрсөтүлгөн маалыматтарды тараткан жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттары жоопкерчиликке тартылышат.
Каржылоону талап кылган шайлоо алдындагы үгүт иштерин талапкерлер, талапкерлерди көрсөткөн саясий партиялар менен макулдашуу боюнча жана алардын шайлоо фонддору аркылуу гана жүргүзүүгө уруксат берилет.
Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңешке көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди каттоо процессин аяктады. Жалпысынан 30 шайлоо округунан 467 талапкер катталды. Алардын ичинен 276 эркек, ал эми 191 аял талапкерлер.
Маалыматка ылайык, талапкерлердин саны боюнча эң көп катышкан округ — №19 округ, анда 25 талапкер катталган. Эң аз талапкер катталган округ — №11 округ, анда болгону 5 талапкер бар.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Контролдук тизмедеги шайлоочулардын саны 4 297 040 адам, анын ичинен 2 082 263 эркектер жана 2 214 777 аялдар же 48,46% жана 51,54%.
Шайлоочулардын кагаз түрүндөгү толук тизмелери 2492 шайлоо участокторунда 10-ноябрга чейин илинет.
Иллюстрациялык сүрөт: «ПолитКлиника»




