“Камоодон башка бөгөт коюу чаралары бар, ал эмнеге колдонулбайт?” Депутат Кожокулова Мамыркулованын кармалышы тууралуу  

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелери боюнча комитетинин 8-апрелдеги жыйынында депутат Гуля Кожокулова эркин журналист Канышай Мамыркулованын камалышы боюнча маселе көтөрдү.

-Тергөө судьялары жөнүндө. Соттук көзөмөл деген жок. Силер иликтебей эле баарын катары менен  санкциялап жатасыңар. Жашырганда, эмне жакында блогер кармалды, коомдук резонанс жаратты, ал мурда соттолгон эмес, жоопкерчилиги бар, ушул учурлар эске алыныш керек. Кылмыш-процессуалдык кодексинде так жазылып турат, эгер мурда соттолбосо, туруктуу жашаган жери болсо, камоодон башка бөгөт коюу чаралары бар, эмнеге ал чаралар колдонулбайт? Үй камагы деген бар, эч жакка кетпөө кепилдиги, күрөө ж.б. Эмнеге ушундай ар түрдүү жана адамдык мамиле жок? Силер кимге айланып бара жатасыңар? Сот бийлиги Конституцияда да жазылган бийлик, кечирип койгула, аны өз деңгээлинде, татыктуу алып жүргүлө. Даттануу аябай көп, ошондуктан айтууга мажбур болуп жатам. Соттордун негизги катмары профессионалдар экенин билем, оор кылмыш жасагандарды да өз жүрөгү аркылуу өткөрөт, аны түшүнүп турам, бирок сот адилеттигинин сапатына көңүл бургула, -деди депутат Гуля Кожокулова.

22-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда эркин журналист, активист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан массалык баш аламандыкка чакырык жасоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип, Канышай Мамыркулова кармалганын ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

Сүрөттө: Канышай Мамыркулова. Интернет булактарынан

   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты