Мадумаров: “Канышай Мамыркулова массалык баш аламандыкка чакырып жатат дегендин өзү күлкү келерлик”
- 1 год мурун
“Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери Адахан Мадумаров “Азаттык” үналгысына берген маегинде журналист, активист Канышай Мамыркулованын камалышы боюнча пикирин билдирди.
-Канышай айымдын билдирип жаткан пикирлери, айтып жаткан позициясы инсандык, жарандык позиция. Жарандык позициясын билдиргени үчүн коюлуп жаткан беренелер, менимче квази-мамлекеттерде деле мындай жосун болбойт, бул жапайычылык деп коёт. Эч жерде иштебеген, өзүнчө оокат кылып келе жаткан инсан чакырык таштап койсо эле, ошол чакырыкка берилип кеткен улут барбы? Бүтүндөй мамлекеттик машина иштеп, күн-түн аракет кылып жатып, жакшылык ишке бура албаган элди бир эле инсан чакырык жасап койсо эле, ошол чакырыкка кетип калабы?” деди Мадумаров.
“Бул — адам укугу. Бул — сөз эркиндиги. Бул Конституцияда берилген. Негизи адамга сөз укугу жараткандын өзүнөн берилген. Илгертен сөз укугу көз карашы бар азаматтардын баарын, кыргыздын азаматтарын дүйнөгө сөз менен тааныткан”.
“Канышай Мамыркулова массалык баш аламандыкка чакырып жатат дегендин өзү күлкү келерлик сөз”.
22-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда эркин журналист, активист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан массалык баш аламандыкка чакырык жасоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип, Канышай Мамыркулова кармалганын ИИББ басма сөз кызматы билдирди.
“Социалдык тармактарда мониторинг жүргүзүү учурунда Фейсбук” социалдык тармагынан Кыргызстан-Тажикстан чек арасы боюнча жалган маалыматтарды таратып, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен Кыргыз Республикасынын аймагында массалык баш аламандыктарды уюштурууга багытталган чакырыктарды, ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн жана кыргыз жарандарынын ортосундагы улуттар аралык кастыкты козуткан аракеттерди жасаган Канышай Мамыркулова аттуу колдонуучу аныкталган” деп билдирди Бишкек шаардык ИИББ басма сөз кызматы.
Канышай Мамыркуловага кылмыш-жаза кодексинин 278 жана 330-беренелери боюнча айып тагылганы белгилүү болду.
Кыргызстандын журналисттери, укук коргоочулары эркин журналист Канышай Мамыркулованын камалышы боюнча президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылуу жолдоду.
20-мартта социалдык тармактарда журналист, активист Канышай Мамыркулованын кармалганы айтылган. Ал 48 саатка камакка алынган.
Сүрөттө: Канышай Мамыркулова. 22-март, 2025. Сотто. Социалдык тармактан




