Депутат Түмөнбаев эркин журналист Мамыркулованын камалышы боюнча акыйкатчынын пикирин сурады
- 11 месяцев мурун
Жогорку Кеңештин бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин 7-апрелдеги жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев эркин журналист Канышай Мамыркулованын камалышы боюнча акыйкатчы Жамиля Жаманбаевага суроо берди.
-Бүгүнкү күндө эркин журналист Канышай Мамыркулова камакта отуруптур, 9-апрелде соту болот деп соцтармактарда да кайрылып жатат. Ал боюнча кандай болду, эмне болуп жатат, ал боюнча да маалымат бере кетсеңиз,-деди депутат Түмөнбаев.
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева мындайча жооп берди:
— Маалымат келип түшкөндө жабык мекемеде кармалган Канышай Мамыркуловага жолуктук. Жабык мекемеде кандайдыр бир арыз-муңу барбы деп сурадык, маектештик. Акыйкатчы институтуна укук коргоо органдары тарабынан мыйзамсыз, негизсиз кылмыш жоопкерчилигине тартылып жатат деген сунуш келип түшкөн. Биз өзүбүздүн макамыбыздын алкагында гана иш алып бардык. Сот процессине биз мониторинг жүргүзөбүз, бирок сот процессинде тарап катары эсептелбейбиз, жөн эле байкоочу катары гана катышабыз.
Катышып жаткан акыйкатчы институтунун кызматкерлери тарабынан укук бузуулар, процессуалдык бузуулар болобу, байкасак, көңүл буруу актысы жиберилет.
-Сиздер кандай баа берип жатасыздар? Бүгүнкү күнү күч органдары иш козгоп, күнөө коюп жатат, -деп сурады депутат Түмөнбаев. -Сиздер териштирип, туура, туура эмес деген чечимге келишиңиздер керек да.
Акыйкатчы Жаманбаева: -Сот процесстерине байкоочу катары катыша алабыз. Укуктар башкача, чектелген, бирок күчүнө кирген соттук актылар эгерде жогорку инстанция актылары менен четке кагылбаса, анда мыйзамсыз деп эсептелбейт. Соттук процесстерге кийлигишүү биздин мандатыбызга кирбейт,-деди акыйкатчы Жаманбаева.
Эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулова абактан коомчулукка кат жолдоп, коюлуп жаткан беренелер боюнча кылмышты жасабаганын айтып, шаардык сотто колдоого муктаж экендигин билдирди.
-Мен адам өлтүргөнүм, мамлекетти тоногонум, пара алганым жок. Коомчулуктун укуктук, саясый, экономикалык, социалдык, маселелерин эле пост кылып чагылдырып келдим. Ал эми мага козголгон кылмыш иши боюнча айтсам, КЖКнын 278-беренесинин 3-бөлүмү жана 330- беренесинин 1-бөлүгүнө жаткан кылмышты эч качан жасаган эмесмин жана жасабайм. Муну тараптардын бардыгы жакшы билишет. Коомчулуктун каалаганын каалагандай формада жазып, көкөйлөрүнө тийген үчүн асмандан-жерден алып, кылмыш иш “токулду”,-деп жазды ал.
22-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда эркин журналист, активист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан массалык баш аламандыкка чакырык жасоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип, Канышай Мамыркулова кармалганын ИИББ басма сөз кызматы билдирди.
Сүрөттө: Канышай Мамыркулова. «ПолитКлиника»




