Шаардык сот Рита Карасартованын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырды
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 13-майда, Бишкек шаардык сотунун коллегиясы айтылуу укук коргоочу Рита Карасартованын бөгөт чарасын карады жана райондук соттун чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Бул тууралуу анын адвокаты Жаныш Бараков билдирди.
30-апрелде Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту белгилүү укук коргоочу Рита Карасартованын камактагы мөөнөтүн 12-июнга чейин узартуу чечимин чыгарган.
Укук коргоочу Карасартова 15-апрелде 48 саатка камакка алынган. Укук коргоочуну Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы суракка алып кеткени маалым болгон. Ошондой эле анын үйүндө тинтүү жүргүзүлүп жатканы кабарланган.
Карасартованын айтымында, анын кармалышына Тилекмат Куреновдун өзүнө жолдонгон аманат катын социалдык тармакка жарыялап койгону себеп болгон.
Анда Куренов “Азыр бир кат жиберем, эгер кармалсам же дагы бир нерсе болсом, чыгарып коюңузчу, эч кимге ишенбей калдым” деп мурда жазган катын жарыялоого убакыт келди деп жиберген. Кат БАЭде жашап жүргөн активист Куреновдун жубайына, балдарына, ата-энесине, бир туугандарына жолдогон аманаты болгон.
Укук коргоочу Карасартова массалык башаламандыкты уюштурууга катышы бар деп шектелүүдө.
14-апрелде Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Куреновго байланыштуу адамдар массалык башаламандыкка шектелип кармалганын билдирген.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) тараткан маалыматка ылайык, 19-апрелде конституциялык түзүлүштүн негиздерине каршы бир катар оор кылмыштарды жасаган деп шектелген, эл аралык издөөдө жүргөн Тилекмат Куренов БАЭден кармалып, Кыргызстанга жеткирилди.
21-апрелде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту активист Тилекмат Куреновдун бөгөт чарасын карап, аны 2025-жылдын 19-майына чейин камакта калтыруу чечимин кабыл алды.
Сүрөттө: Рита Карасартова. 2025-жылдын 30-апрелиндеги сотто. Социалдык тармактан