75чилердин каты: Бишкек сотунда апелляциялык арыз боюнча ишти кароо 13-августка жылдырылды
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 10-августта, 75чилердин каты боюнча апелляциялык арыз боюнча соттук иш шаардык сотто каралып, 13-августка жылдырылды.
Соттук процесстин жылдырылышына адвокаттардын прокуратуранын арыз менен таанышууга убакыт сураганы себепчи болду. Сот өтүнүчтү канаттандырып, соттук отурумду жылдырды.
2-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 75 кишинин каты боюнча козголгон кылмыш ишинин өкүмүн чыгарган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс- башкы прокурор Курманкул Зулушев, саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев, Курсан Асанов жана Эмилбек Узакбаев, бардыгы 8 киши күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратуу чечими чыкты. Жаза мөөнөтүн алардын баары пробация режиминде өтөшмөкчү.
Алардын үй-мүлкү конфискация болмокчу. Сот айыпталуучуларды Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча актап, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айыптап, үч жыл пробация берди.
Бул иш боюнча камакта жаткан бешөө Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган.
Эми аппеляциялык арыздар боюнча Бишкек шаардык сотунда ишти кароо 13-августта улантылмакчы.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш аламандык уюштурууга шектүүлөр кармалган. Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




