Соцтармак колдонуучу Бактыбек Молдалиев эки айга камалды

  • 1 месяц мурун

Соцтармактын колдонуучусу Бактыбек Молдалиев эки айга, 8-июлга чейин камакка алынды. Бул тууралуу бөгөт чара чечимин 10-майда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту чыгарды.

Бактыбек Молдалиев кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү маасалык баш аламандыкка чакырыктарга шектелүүдө.

Социалдык тармактарда Бактыбек Молдалиев активдүү колдонуучу, коомдук-саясий маселелер боюнча сын пикирлерин айтып келет. Айрымдар ал сын пикирлерине байланыштуу кармалды деп эсептешүүдө. Молдалиевдин жакындары комментарий берише элек.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты