Бишкек шаардык соту Рустам Жокоевдин ишин райондук сотко кайтарды

  • 5 месяцев мурун

Бишкек шаардык соту мурдагы “Унаа” (азыркы Транспорт каражаттарын жана айдоочуларды каттоо мамлекеттик борбору) экс-жетекчиси Рустам Жокоевдин иши боюнча апелляциялык даттануусун карап, анын ишин райондук сотко кайтарды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкерлери Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин (мурдагы «Унаа») директору Рустам Жокоев жана бир катар кызматкерди кармаганы 2024-жылдын 23-сентябрында белгилүү болгон.  

Кармоо мамлекеттик агенттиктин чыгыш башкармалыгындагы экзамендерди өткөрүүгө байланыштуу экени айтылды.

Атайын кызматтын маалыматында, айдоочулук күбөлүк алуудагы экзамендерден жеңил өткөрүү үчүн тийиштүү кызматкерлер ортомчулар аркылуу пара алган. УКМКнын алдын ала эсебинде Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктин бир эле филиалынан ай сайын 10 миллион сомдун тегерегинде мыйзамсыз акча жыйналган.

«Кабар» агенттигине берген маегинде президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы айдоочулук күбөлүктөрдү сатууга шектелип кармалган кызматкерлер боюнча пикирин билдирген.

“… ал жигитти чакырып «Сен өзүң таза болсоң, кол алдыңдагылар да таза болот, өзүң таза бол. Айлыгың жашооңо жетпей жатса, демөөрчүлүк фондумдан кошумча 2000 доллар материалдык жардам берип турайын» деп убадалашып, антын алып, ай сайын 2000 доллар жардам берип турчумун. Дароо айта кетейин: менин демөөрчүлүк фондум бюджеттик фонд эмес. Ошондуктан 40ка жакын жетекчиге материалдык жардам берип турам. Анткени эмгек акылары чындыгында аз” деди президент Жапаров.

“Система түзүп алышып, күбөлүк сата башташканы аныкталып калды. 40 миңден 80 миң сомго чейин баа коюп алышыптыр. Албетте, 100 пайыз күбөлүк сатылган эмес. 90 пайыз адам сынакты тапшырып эле алышкан. Болжол менен 10 пайызы сатылып кетип жатканын болжолдодук. 10 пайыз эмес, бир да айдоочулук күбөлүк сатылбаш керек” деп айтты мамлекет башчы Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине маегинде.

Сүрөттө: Рустам Жокоев

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты