Саламаттык сактоо экс-министри Алымкадыр Бейшеналиев депутат болуу ниетин билдирди
- 9 месяцев мурун
Саламаттык сактоо экс-министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңешке алдыдагы мөөнөтүнөн мурда депутаттык шайлоодо талапкер болуу ниетин билдирип, БШКга арыз жазды.
Бул тууралуу БШК сайтында маалымдалды.
БШКга депутат болууу ниетин билдирип, арыз жазгандардын саны 13кө жетти.
Алар: Капалов Адылбек, №13 шайлоо округунан, Жогорку Кеңештин депутаты Айгүл Айдарова №1 шайлоо округунан, Жаилов Таалайбек №27 шайлоо округунан, Дастан Бекешев, Эмилбек Абдыкадыров, Асел Набиева, Болот Ибрагимов, Карыбек уулу Улукбек, Керимбаев Мураталы, Абсатаров Азамат, Мамадумаров Ахмаджан, Сурабалдиева Элвира.
Алымкадыр Бейшеналиев, Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын кафедра башчысы №26 шайлоо округунан талапкер болмокчу. Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министрлигин 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын августуна чейин, 2023-жылдын сентябрынан 2025-жылдын февралына чейин жетектеген.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшембиге дайындалды.
25-сентябрда Жогорку Кеңеште парламенттин өзүн өзү таркатуу мыйзамы кабыл алынды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында, катышып жаткан 89 депутаттын 84ү макул деп добуш берди. Каршы добуш бергендер болгон жок.




