Бишкектин экс-мэри Эмилбек Абдыкадыров депутаттыкка аттануу арызын берди
- 9 месяцев мурун
Алдыдагы мөөнөтүнөн мурдагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына ниетин билдирип, Бишкек шаарынын мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров БШКга арыз берди.
Бул тууралуу БШК сайтында маалымат берилди.
Эмилбек Абдыкадыров талапкерлигин №22 шайлоо округунан коймокчу. Учурда «Нурстрой» курулуш компаниясынын директору. 2022-жылдын 24-февралынан 2023-жылдын 31-октябрына чейин Бишкек шаарынын мэри кызматын аркалаган.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшембиге дайындалды. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка 30-сентябрда кол койду.
25-сентябрда Жогорку Кеңеште парламенттин өзүн өзү таркатуу мыйзамы кабыл алынды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында, катышып жаткан 89 депутаттын 84ү макул деп добуш берди. Каршы добуш бергендер болгон жок.
Сүрөт: shailoo.gov.kg




