Өлкө башчы Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан бошотту

  • 2 недели мурун

Президент Садыр Жапаров Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кызматынан бошотуп, тийиштүү Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 3-февралда билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Алымкадыр Бейшеналиев кызматтан кетип жатканын АКИpress маалымат агенттигине билдирген эле. Анда ал ката кетирилип, мындан улам ал кызматтан кетүүгө арыз жазганын айткан.

«Мен хирургмун жана ишимди уланта алам. Системада реформалар дагы уланат»,- деген ал.

Алымкадыр Бейшеналиев Саламаттыкты сактоо министрлигин 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын августуна чейин, 2023-жылдын сентябрынан 2025-жылдын февралына чейин жетектеген.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты