ЖК депутаттыгына талапкер болуу ниетин билдирип, БШКга жети киши арыз берди
- 10 месяцев мурун
Бүгүн, 3-октябрда, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болуу ниетин билдирип, БШКга арыз бергендердин саны жети кишиге жетти. Бул тууралуу БШК сайтында маалымдалды.
Алар:
- №23 шайлоо округунан Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева;

№4 шайлоо округунан Мамадумаров Ахмеджан, пенсионер;

№2 шайлоо округунан Абсатаров Азамат, Жогорку Кеңештин кызматкери;

№15 шайлоо округунан Керимбаев Мураталы, убактылуу иштебейт;

№24 шайлоо округунан Карыбек уулу Улукбек, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты

№1 шайлоо округунан Набиева Асель, Жогорку Кеңештин кызматкери.

№22 шайлоо округунан Ибрагимов Болот, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты. (Баш сүрөт)
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшембиге дайындалды. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка 30-сентябрда кол койду.
25-сентябрда Жогорку Кеңеште парламенттин өзүн өзү таркатуу мыйзамы кабыл алынды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында, катышып жаткан 89 депутаттын 84ү макул деп добуш берди. Каршы добуш бергендер болгон жок.
Сүрөттөр: shailoo.gov.kg
Башкы сүрөт: Ибрагимов Болот




