Дастан Бекешев жаңы чакырылышка депутат болуу ниетин билдирди
- 10 месяцев мурун
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоого талапкер болуу ниетин билдирип, БШКга бүгүн, 3-октябрда, арыз жазды.
БШКга арыз бергендердин саны 9 кишиге жетти.
Бул тууралуу БШК сайтында маалымат берилди.
Дастан Бекешев, Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылышынын депутаты талапкерлигин №22 шайлоо округунан коймокчу.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшембиге дайындалды.
25-сентябрда Жогорку Кеңеште парламенттин өзүн өзү таркатуу мыйзамы кабыл алынды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында, катышып жаткан 89 депутаттын 84ү макул деп добуш берди. Каршы добуш бергендер болгон жок.
Сүрөт: shailoo.gov.kg
Муну бөлүшүү




