Элвира Сурабалдиева келерки чакырылышка депутаттыкка талапкер болуу ниетин билдирип, БШКга арыз жазды
- 10 месяцев мурун
Бүгүн, 2-октябрда, Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясына 2025-жылдын 30-нобрында ѳтѳ турган Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого №23 шайлоо округу боюнча Элвира Сурабалдиева өзүн өзү көрсөтүү тартибинде депутаттыкка талапкер болуу ниетин билдирди.
Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына, жекшембиге дайындалды. Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындоо жөнүндө жарлыкка 30-сентябрда кол койду.
25-сентябрда Жогорку Кеңеште парламенттин өзүн өзү таркатуу мыйзамы кабыл алынды. Добуш берүүнүн жыйынтыгында, катышып жаткан 89 депутаттын 84ү макул деп добуш берди. Каршы добуш бергендер болгон жок.
Элвира Сурабалдиева — Жогорку Кеңештин VII чакырылышынын депутаты.
Сүрөт: shailoo.gov.kg




