Садыр Жапаров: Кимде ким элдин тынчтыгын бузса, аёосуз жазаланат

  • 2 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдин ортосунда ажырым болду, эми эмне болот деген тынчсыздануулар боюнча “Кабар” агенттигине жооп узатты:  

Садыр Жапаров мындай деди:  

-Эч нерсе болбойт. Бул маселени трагедия кылыштын кереги жок. Мурдагыдан дагы жакшы болот. Жашоо токтоп калбайт. Бир досум кетсе, артымда 7 миллиондон ашуун досум бар. Мага баарынан жалпы элибиз жана куттуу мамлекетибиз кымбат. Кимде-ким элдин тынчтыгын бузса, аёосуз жазасын алат. Ага акылыбыз да, күчүбүз да жетет. Экономикабыздын өсүү темпи жогорулап кете берет. Ички жана тышкы саясат өз нугу менен улана берет,-деди президент.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

УКМКда структуралык өзгөрүүлөр орун алды. Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды. Мамлекеттик күзөт кызматы президентке караштуу болду.

Камчыбек Ташиев социалдык тармактар аркылуу комментарий бергенин Нургазы Анаркулов жарыя кылды. Камчыбек Ташиев анын кызматтан алынышы күтүүсүз болгонун, ал күндөрү Германияда дарыланып жатканын билдирген.

Камчыбек Ташиев Германиядан кайтып келип, кайра чет өлкөгө чыгып кеткени маалым болду.

Президент «Кабар» агенттигине берген маегинде Камчыбек Ташиевди кызматтан алгандан кийин аны менен жолукканын билдирди.

УКМКда структуралык өзгөрүүлөр орун алды. Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды. Мамлекеттик күзөт кызматы президентке караштуу болду.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты