Камчыбек Ташиев: “Мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт”  

  • 1 месяц мурун

Кечээ Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК_ төрагасы кызматынан алынган Камчыбек Ташиев социалдык тармактар аркылуу комментарий бергенин Нургазы Анаркулов жарыя кылды.  

-Мен ооруп калып, президенттин уруксаты менен Германияга келгем, себеби мурдагы операция болгон жерге көрүнүүгө туура келди. Бирок, кечээ мени жумуштан алышыптыр ,мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Кандай болгон күндө да президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эли- журтубуз, президентибиз алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанам. Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт. УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин, ийгиликтерди каалаймын.Ал эми өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуш үчүн эч ким, эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек жана ар бир аракетибиз мыйзам чегинде болот,-деп билдирди Камчыбек Ташиев.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын үч орун басары, анын арасында УКМКнын Антитеррордук борборунун директору Элизар Сманов кызматтан бошотулду.

УКМКда структуралык өзгөрүүлөр орун алды. Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды. Мамлекеттик күзөт кызматы президентке караштуу болду.

Сүрөттө: Камчыбек Ташиев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты