“Коррупция менен күрөшүүдөн 4 млрд доллар түшкөн жок”.  Президент Жапаров жооп берди

-Коррупцияга каршы күрөштөн түшкөн акчалар кайда кетти деген суроого Садыр Жапаров Али Токтакуновдун Ютуб каналына берген маегинде жооп берди:

-Коррупцияга каршы күрөш катуу темпте жүрдү. 4 миллиард доллардай, башкача айтканда, 300 миллиард сомдон ашык түшүптүр отчет боюнча. Ошол акча кайда кетти?» деген журналисттин суроосуна президенттин жообу мындай болду:

-Коррупцияга каршы күрөштөн 4 миллиард доллар түшкөн жок, чынын айтыш керек, 300 миллиарддан ашык сом. Мен коррупция менен күрөшүп жатканда эле айткам, “10 миллиард төктүрдүк, быйыл 50 миллиард төктүрдүк деп Камчыбек Кыдыршаевич айтып жатканда эле “ай, досум, цифралар менен ойнобо, эртең ошоночо чыкпай калса, жеп алды деп айтат элдер, реалдуу түрдө айткын” деп айткам. Ал кандай 300 миллиард болуп кеткен? Мынабу ноутбукту конфискация кылып жатсак, Райымданбы же «мыйзамдагы ууруданбы», же «кустуруп» жаткандарданбы… Же 100 миң долларлык квартираны алып жатсак, аны 300 миң долларлык деп баалап, ала берген. Азыр ревизия болуп жатат, кандай, канчага, канчасы сатылган деп. ФУГИде сатылбай турган мүлк көп. Мен комиссия түздүргөм. 10 миллион доллар деп отура берсеңер, ал бир миллион долларлык болсо, аны кантип, ким алат? Бирок коррупциядан эчтеке түшкөн жок, пайда болбоду деп да айтпайм, пайда болду, мектептер, ГКНБнын имараттары салынды, район, облус борборлорунда жаңыланды, академия, спорт аянтчаларды, эс алуучу жайларды салдык, ошолордун баары коррупциядан түшкөн акчалар. Коррупция менен күрөшүүдөн акча түштү, түшпөдү деп айтпайм. Бирок 4 миллиард доллар деген оюнчук акча эмес да, -деди Садыр Жапаров маегинде.

Ушул жылы 29-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) акыркы беш жылда коррупцияга каршы күрөшүү чараларынын жана тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 352 миллиард сом (4,14 миллиард АКШ долларына барабар) каржылык активдер, мамлекеттик мүлк, жер участоктору жана башка материалдык баалуулуктар түрүндө кайтарылып берилгенин маалымдаган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) жетекчилиги системаны тазалоо, ишмердүүлүктүн ачык-айкындуулугун жогорулатуунун жана коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнүн алкагында кадрдык курамды тазалоо иштерин жүргүзүп жаткандыгын билдирди. Коррупциялык көрүнүштөргө жана бизнесте мыйзамсыз басым көрсөтүүгө катышы бар кызматкерлер аныкталды жана кызматтан четтетилди, кылмыш иштери козголду.  

Мындан улам, кылмыш ишинин алкагында 9-апрелде УКМКнын учурдагы кызматкерлери А.К., А.А.Б. жана К.Д.К. кармалып, тергөө абагына киргизилди. Мындан тышкары, ишкердик субъекттерин текшерүү иштерин жүргүзгөн мамлекеттик органдардын кызматкерлери — С.У.Ж., О.Г.И. жана К.У.Н. да кармалып, мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар экени такталды.

“УКМКнын айрым кызматкерлери жана алар менен байланышкан адамдар ишкерлерден жана кылмыш иштери боюнча фигуранттардан, мамлекеттин пайдасына өткөрүлүүгө тийиш болгон акча каражаттарын жана мүлктүк укуктарды мыйзамдуу өткөрүп берүү деген шылтоо менен өздөрүнө ыйгарып  келишкендиги аныкталган” деп айтылат Башкы прокуратуранын маалыматында.    

 УКМКнын Бишкек башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбеков, Чүй облусу боюнча башкармалыгын тергөө бөлүмүнүн мурдагы башчысы Бердибек Боронбаев жана УКМКнын Бишкек башкы башкармалыгынын мурдагы башчысы Элдар Жакыпбековдун жакын адамы делген УКМКнын мурдагы кызматкери Сыдык Дүйшөмбиев камакка алынган.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду. Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.Рустам Мамасадыков УКМК төрагасынын биринчи орун басары, Алишер Эрбаев УКМКнын төрагасынын орун басары – Антитеррордук борбордун директору, Уранбек Шадыбеков УКМК төрагасынын орун басары – атайын кызматтын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору болуп дайындалды.

Сүрөт: Президенттин басма сөз кызматы

         

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты