Камчыбек Ташиевдин чет өлкөгө убактылуу чыгып кеткени айтылды

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин чет өлкөгө убактылуу чыгып кеткенин журналист Өткүрбек Рахманов Фейсбук баракчасында билдирди.

Рахманов Камчыбек Ташиевдин чыгып кетип жатканы тууралуу видео жүктөдү.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлык менен, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

УКМКда структуралык өзгөрүүлөр орун алды. Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды. Мамлекеттик күзөт кызматы президентке караштуу болду.

Камчыбек Ташиев социалдык тармактар аркылуу комментарий бергенин Нургазы Анаркулов жарыя кылды. Камчыбек Ташиев анын кызматтан алынышы күтүүсүз болгонун, ал күндөрү Германияда дарыланып жатканын билдирген.

Камчыбек Ташиев кызматтан алынгандан кийин, Германиядагы дарылануусун толук аяктабай, Кыргызстанга кайтып келген.

Президент «Кабар» агенттигине берген маегинде Камчыбек Ташиевди кызматтан алгандан кийин аны менен жолукканын билдирди.   

-Ооба, жолуктук. Кечээ кечинде кабыл алдым. “Эс ал досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр” дедим. Досумдун айтымы боюнча, “ак сакалдар” дейбизби, “көк сакалдар” дейбизби, бирөө менен дагы сүйлөшкөн эмесмин дейт. Ошондон улам мен жыйынтык чыгардым. Демек, тигилер досума билгизбей эле өздөрүнчө жашыруун план менен иш жүргүзүп жатышкан экен. Орустар айткандай, “медвежья услуга” көрсөтүштү. Баарын тазалап, тартипке алып келебиз. Кудайга шүгүр, буга күчүбүз жетет,-деди Садыр Жапаров.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты