«Жер кучактап, көк чөптү жыттап, ыйлаптыр». Жапаров Ширшов боюнча дагы комментарий берди
- 3 часа мурун
- Баяндар
Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда энергетикадагы коррупциянын көмүскө схемасын түзгөн деп айтылып жүргөн Алексей Ширшов тууралуу super.kg сайтына маек курган маегинде сөз кылды.
Анда Жапаров Алексей Ширшовдун компаниясы достору менен бирге жардам катары 271 миллион 549 миң сомго “Күрпсай” ГЭСине 2 жаңы автотрансформатор орнотконун, 318 миллион 794 миң сомго “Камбар-Ата” көмөк чордонун реконструкция кылганын, мындан тышкары 125 миллион 161 миң сомго 36 чакырым 110 (кВ) киловольт электр чубулгыларын алмаштырганын айтты. Жардамдын жалпы суммасы 715 миллион 504 миң сом болгон.
-Мен Токтогулда бул маселени көтөргөн жигиттин суроосуна жооп берип, чогулуштан чыккандан кийин азыркы энергетика министри Алтынбек Рысбеков бул маселе боюнча мага кошумча толук маалыматтарды берди. Көрсө, Ширшовдун компаниясы достору менен бирге мен эл менен жолугушууда атаган 430 миллион доллардан сырткары дагы кошумча жардам катары Күрпсай ГЭСине 63төн 125 мегавольт-амперге чейин жогорулатуу үчүн 2 жаңы автотрансформатор орнотуп беришиптир. Суммасы 271 миллион 549 миң сом. Камбар-Ата көмөк чордонун реконструкция кылып бериптир. Суммасы — 318 миллион 794 миң сом. Мындан сырткары, 36 чакырым 110 (кВ) киловольт аба зымдарын жаңы зымдарга алмаштырып беришиптир. Суммасы — 125 миллион 161 миң сом. Жалпы суммасы 715 миллион 505 миң сом болуптур. Эми мындан ары апрель айынан сентябрь айына чейин 120 (МВт) мегаватты толук алып, элге жеткирүүгө болот. Калган айларда суунун аздыгына байланыштуу баягы эле 90 (МВт) мегаватт энергия алып турабыз.
Садыр Жапаров маекте Алексей Ширшовго айткандарын мисал келтирди:
Мен жардам гана берем” деп сөз берип кеткен. Менин иш бөлмөмдөн чыккандан кийин жер кучактап, көк чөптү жыттап, жатып алып ыйлаптыр. Кийин коштоп жүргөндөр айтып беришти деди президент.
-Мен Ширшовго башында эле эскертип: “Илгеркидей ар кандай тетиктерди министрликке кымбат сата салам деп ойлобо. Эгер ушундай аракеттериңди баштасаң, түрмөгө кетесиң”деп чек ара сызыгын чийип бергемин. Ошол үчүн ал жардам бергенди гана билет, бирок бир дагы мамлекеттик мекемелердин иштерине кийлигишпейт. Илгеркидей “Ширшовдун схемасы” деген түшүнүк азыр жок. Муну азыркы иштеп жатышкан энергетиктердин баары билишет.
Кыргызстанда эки эле жерде майнинг ферма бар. Экинчиси – Кеминде. Бирок ал бизден электр энергиясын албайт. Россия менен Казакстандан импорт алып келет. Аны да кышкысын электр энергиясы тартыш болгондо токтотуп коюп, алып келип аткан энергетика кубаттуулугун элге колдонуп жаткан учурларыбыз бар.
Болду, башка майнинг фермага уруксат берген эмеспиз. Качан гана чоң-чоң ГЭСтерибиз курулуп бүтүп, өзүбүздүн керектөөнү жапкандан кийин уруксат берсек болот. Майнинг фермалардан көп салыктар түшөт, негизи. Бирок айла жок өзүбүзгө энергия жетпей жатканга байланыштуу азырынча уруксат бере албайбыз.
«Мен ага мындай дегем: “Силер 2005–2010-жылдары жакшы эле байыгансыңар. Эми мындан ары мамлекеттин байышына салым кошушуң керек. Эгер дагы эле баягы адатыңарды карматып, мамлекеттин эсебинен дагы да байыйм деп келген болсоң, анда жаңылышасың. Ордуң түрмөдө болот” дегем. “Мен жардам гана берем” деп сөз берип кеткен. Менин иш бөлмөмдөн чыккандан кийин жер кучактап, көк чөптү жыттап, жатып алып ыйлаптыр. Кийин коштоп жүргөндөр айтып беришти» деди президент.
Жапаров 24-октябрда Токтогулда эл менен жолугушууда Алексей Ширшовдун өлкөгө салымы тууралуу айткан.
Жапаров 24-октябрда Токтогулда эл менен жолугушууда Алексей Ширшовдун өлкөгө салымы тууралуу айткан.
Сүрөт: president.kg




