Камчыбек Ташиев Кыргызстанга кайтып келди

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев Кыргызстанга бүгүн, 13-февралда, кайтып келди. Бул тууралуу журналист Айбек Бийбосунов билдирди.  

Камчыбек Ташиев “Манас” аэропортуна келип түшкөнү кабарланды. Журналисттер ага суроо бере алышкан эмес.

-Мен ооруп калып, президенттин уруксаты менен Германияга келгем, себеби мурдагы операция болгон жерге көрүнүүгө туура келди. Бирок, кечээ мени жумуштан алышыптыр ,мен үчүн өтө күтүүсүз болду. Кандай болгон күндө да президенттин чечимин аткарууга милдеттүүбүз. Мамлекетибиз, эли- журтубуз, президентибиз алдында ак кызматымды өтөдүм жана сыймыктанам. Бир гана жеке курам менен коштоштурбай койгону өкүндүрөт. УКМКнын ар бир кызматкерине ыраазычылык билдиремин, ийгиликтерди каалаймын.Ал эми өлкөбүздө тынчтык, стабилдүүлүк болуш үчүн эч ким, эч кандай мыйзамсыз иштерге барбашы керек жана ар бир аракетибиз мыйзам чегинде болот,-деп билдирди Камчыбек Ташиев кызматтан бошотулгандан кийин.

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.

Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

УКМКда структуралык өзгөрүүлөр орун алды. Чек ара кызматы УКМКнын курамынан чыгарылды. Мамлекеттик күзөт кызматы президентке караштуу болду.

Камчыбек Ташиев социалдык тармактар аркылуу комментарий бергенин Нургазы Анаркулов жарыя кылды. Камчыбек Ташиев анын кызматтан алынышы күтүүсүз болгонун, ал күндөрү Германияда дарыланып жатканын билдирген.

Регион тв фейсбук баракчасына Камчыбек Ташиевдин келген учурунан видео жүктөдү. Буга чейин анын дарылануусу бүтө элек болсо да, кайтып келээри айтылган.

Сүрөт: журналист Бийбосуновдун баракчасынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты