Жумгалбек Шабданбеков УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 10-февралда, Жумгалбек Шабданбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
УКМК төрагасы кызмат ордуна дайындоо үчүн Жумгалбек Шабданбековдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.
Жумгалбек Шабданбеков 2020-жылдан баштап УКМКнын 9-кызматынын башчысы жана УКМК төрагасынын орун басары.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду.
Сүрөттө: Жумгалбек Шабданбеков. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




