Президент Жапаров Бөлтүрүктүн “Кумтөрдү” мен алгам” дегенин төгүндөдү. Өзү демилгенин башында турганын билдирди
- 4 недели мурун
- Баяндар, Видео, Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров Тенгиз Бөлтүрүктүн “Кумтөрдү” мен улутташтыргам” деп айткандарын төгүнгө чыгарып, “Кумтөрдү” улутташтыруу кандай жүргөнүн журналист Али Токтакуновдун Ютуб каналындагы маегинде айтып берди.
2020-жылы премьерлик тактыны беришкенин, андан кийин президенттин милдетин аткаруучу болгондон кийин, түн ичинде ал кездеги депутат Акылбек Үсөнбекович Жапаровду чакырып, “Кумтөрдү” алуу боюнча планын айтканын билдирди. Камчыбек Кыдыршаевич, Акылбек Бурханов, Улан Молдоканович жана өзү болуп отурганда, Акылбек Үсөнбековичти Тенгиз Бөлтүрүктү таап келгиле дегенин билдирди.
— Кумтөрдү алабыз, бирок шайлоодон кийин, ага чейин текшере баштаңыз, унчукпай турабыз дедим. Шайлоого чейин айтпаңыз, “Кумтөрдү” алгандан кийин, ал жерде чет өлкөлүктөр башкарып турган, алардын эмгек акылары айына 300-350 миң доллардан болчу. “Кумтөрдү” алгандан кийин иштетип кетиш керек, Тенгиз Бөлтүрүк деген бар эле, ошону таап келгиле дедим. Бирок аны менен ошо жашка чыкканы көрүшө да элек элем. Үчөөбүз жашыруун сүйлөшөлү дедим. Бир жума өткөндөн кийин таап келди. “Сиз даярданыңыз, “Кумтөрдү” алабыз, бирок азыр унчукпаңыз, бизден “Кумтөрдө” үчөө директорлор кеңешинде бар экен, ошонун бирөөнү алабыз да, сизди коебуз дедим. Барасыз да, акырын документтерди сууруп чыга бериңиз дедим. Үч ай иштедиби, беш ай иштедиби, “Кумтөргө” барып отурду, бирок ага бир да жашыруун документ беришкен жок. Анан мен шайлоонун алдында “Кумтөрдү” албайбыз, алтын деле калбай калыптыр, рекультивация кылып кетсе болду» дедим. Баарыңар, чалкадан кеттиңер, баарыңар жаздыңар, НПО, “Азаттыкка” кудай берип салды, 10-15 -20 пайыздай шайлоочуларымды жоготтум. Менин айлам жок, айтышым керек, антпесем, алалы десем, “Кумтөрдү” талкалап кетишкен жатпайбы. “Кумтөр” токтоп калгандан кийин, кайра жылдырыш үчүн эле, 300-500 млн доллар керек болот. “Мени жок кыла албаса дагы, талкалап таштап кеткен жатышпайбы. Шайлоого кеттим, анан өтүп келдим. Акылбек Үсөнбековичти шаштыра баштадым. Майдын 15иби же 17 исиби, даяр болду. Парламентке бүрсүгүнү киргизип, тышкы башкарууга алабыз дегенибиз тигилерге жетип калыптыр. Алар иштеп жаткан электрондук системаларын талкалай баштаган, ошон үчүн чукул өткөрдүк. Парламенттен бир жумадан кийин каралмак. Чукул киргизип, денонсацияны кнопкага салдык да, шак басып калдык.
Тышкы башкаруу деп, Тенгиз Бөлтүрүктү койдук. Ага чейин эки ай мурун алтынын чыгарбай келатканбыз, «Кыргызалтында», Улуттук банк жана Кара-Балтада 500-600 килограммдай алтын жаткан, кудай жалгап, аны да сактап калдык. Тышкы башкаруу иштей баштады. Тенгиз барды да, мага бир жумадан кийин отчетун берди. Мен айттым, «Тенгиз мырза, бул Европа эмес, жеке фирма эмес, мамлекет бир сомдун артынан кууп барат, ар бир болт, ар бир литр солярканы текшер, бир грамм алтын уурдалбасын, Улуттук банкка көзөмөл керек» деп. “Мен таптаза иштейм, башкарам” деди.
Бара калып эле, спонсорлук жардам деп, футболистине деле, улакчысына, сурап барганына деле акча бере баштаптыр. Аны да айттым, бербе дедим. Мага маалымат келди, Бишкекте, Кыргызстанда 60 сомдон солярка алынып жатат, “Кумтөрдө” 80 сомдон экен, ар бир литринен 20 сомдон жеп атат деп. Анан Бөлтүрүктү чакырдым. Бул 20 сом чоң акча, себеби “Кумтөр” айына 11 миң тонна солярка сарптайт. Сизге калп маалыматтарды берип жатат деди. Кийин текшерүү жибергенде, прокуратура таап чыгып, баарын камады. Жалгыз Бөлтүрүк эмес, дагы орун басарлары бар. Чыгымдын баарын төлөп, анан чыгышты. Андан башка дагы бир кызыгы бар. “Кумтөрдүн” офисин башка жакка көчүрөм деп, «мыйзамдагы уурунун» имаратын арендага алат, арендасы аттын башы, ага айына 1 млн доллардан төлөйм деп, ремонт кылып, ага мебель сатып алыптыр. Креслосу эле 6 миң доллар. “6 миң долларга эмнеге сатып аласың, керек болсо президенттин креслосу көп болсо, 600 эле долларлык эле десе, берген жообу күлкүлүү- “менин боюм кичине, 600 долларлык креслодо көчүгүм сыйгалана берет, ошон үчүн 6 миң долларлык креслону сатып алдым” деп. Ал ушундай бир кызык экен. Мага келип, катасын мойнуна алды, европалыктарча башкарып жүрүптүрмүн, кечирип коюңуз деди. Анан камалып кетти. Улукбек премьер-министр эле, ага бир токтом чыгар дегем. Айтып коюп, унутуп калыптырмын. 4 саат уктап, 20 саат иштедим да, үч жыл катары менен. Акылбек Үсөнбекович “эмгиче токтом жок” дейт. Эмне токтом чыгарбайсың деп. Ал болсо, тобокел болуп жатат, “нон грат” кылып койсо, чет өлкөгө чыга албай калабыз, утулуп калсак, талкалабайбы дейт. Анда жашыруун протокол чыгаралы деп, мен кепилдик берем деп, жоопкерчиликти алам, мен жалгыз жооп берем деп, жалгыз экземпляр деп, жашыруун протокол жатат. Ошентип токтом чыгып, алып койдук, -деди президент Садыр Жапаров “Кумтөрдүн” улутташтырышы тууралуу.
«Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк Фейсбуктагы баракчасына билдирүүлөрдү жазып, Кумтөрдү улутташтыруу маселесине токтолду.
Бөлтүрүктүн айтымында, чыныгы жумушту, юридикалык, идеялык жана координациялык оор эмгекти кимдир бирөө аткарышы керек эле. Ал жумушту башынан аягына чейин өзү аткарган.
«Идея да, иш-аракеттердин планы, алгоритми да меники: Мен Кыргызстанга келип, президенттик резиденцияда 6 күбөнүн көзүнчө 27-февралда 2021-жылы Кумтөрдү кантип, кандай укуктук кадамдар менен колубузга ала турганыбызды баштан-аяк толугу менен сызып, негиздеп бергем. Ошого баары макулдугун беришип, үч күндөн кийин ошол протоколдун негизинде Улугбек Марипов «Кумтөр» боюнча өкмөттүн токтомун чыгарган.
Аскар Акаевди чакыруу — менин жеке оюм жана демилгем, ал тургай, сүйлөшүүлөр тыгынга кептелип, юридикалык кадамдар токтоп калуу коркунучу жаралганда, Аскар Акаевди процесске тартуу тууралуу пикирди да мен сунуштагам.
Жада калса, Глобалдык келишимди түзүүдө капыстан ката кетирген америкалык юристти иштен кетирип, котормочулар келишимдин текстин кайрадан өзүбүз оңдоп чыкканбыз.
«Кумтөр» боюнча идеядан баштап, ага байланыштуу юридикалык, уюштуруучулук, координациялык иштердин бардыгын башынан аягына чейин өзүм башкаргам жана өмүрүмдүн аягына чейин ушул чындыкты айтуудан кайра кайтпайм. Мага жалаа жаап, тарыхты бурмалаганды токтоткула.
Тарых муну менен эле бүтүп калбайт, анын али ачыла элек барактары, сырлары абдан көп. Мен алардын баарын ачык айтып берүүгө даярмын. Чындык эртеби-кечпи баары бир жеңет»,- деп жазган Тенгиз Бөлтүрүк Фейсбуктагы билдирүүлөрүнүн биринде.
2023-жылы 21-ноябрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту «Кумтөр голд компани» ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүктүн ишин карады. Сот ага 800 миң сом айып салып, банк эсептерин камактан чыгарууну чечим кылды. Тенгиз Бөлтүрүк Башкы прокуратуранын эсебине которгон 10 миллион сом «Кумтөр» ишканасына кайтарылат.
Тенгиз Бөлтүрүк Бишкектеги Октябрь райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылган. Мындай өтүнүчтү сотко Башкы прокуратура келтиргени маалым болгон. Башкы көзөмөлдөөчү орган анда “келтирилген зыяндын 80% жакыны, тактап айтканда, 844 млн. 512 мин 858 сому Бөлтүрүк жана аны менен бирге кармалган айыпкерлерден өндүрүлүп, мамлекеттин казынасына кайтарылды” деп билдирген.
Бөлтүрүк жана аны менен чогуу иштеген бир нече адам “Кумтөрдөгү” коррупцияга байланыштуу кармалган.
Башкы прокуратура алдын ала эсептөө боюнча “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун кызмат адамдары тарабынан коррупциялык схемасынын натыйжасында мамлекетке 1 млрд. сомго жакын зыян келтирилгендиги аныкталгандыгын билдирген.
Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча акционердик коомдор жөнүндө мыйзамдарда белгиленген убактылуу тышкы башкаруу киргизилген учурда, акционердик коомду башкаруу органдары үчүн чектөөлөрдү бузуу фактысы боюнча үч кылмыш иши козголгон.
2022-жылдын 11-февралында Тенгиз Бөлтүрүк “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингине башкаруучу болуп бекитилген. Ошол эле учурда ал “Кумтөрдөн” айлык акы алып турган. 2022-жылдын февраль айынан июнь айына чейин Бөлтүрүк 110, 7 миң доллар сый акы алгандыгы Эсеп палатасынын отчетунда айтылат.
Тенгиз Бөлтүрүктүн адвокаты Кайсын Абакиров Эсеп палатасы аудитинде манипуляцияга, фактыларды бурмалоого жол бергенин билдирген.
Сүрөттө: Президент Жапаров жана Тенгиз Бөлтүрүк. Интернет булактарынан




