Президент Жапаров Ташиевди кызматтан алгандан кийин аны менен жолукканын айтты

  • 4 недели мурун

Президент «Кабар» агенттигине берген маегинде Камчыбек Ташиевди кызматтан алгандан кийин аны менен жолукканын билдирди.   

-Ооба, жолуктук. Кечээ кечинде кабыл алдым. “Эс ал досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр” дедим. Досумдун айтымы боюнча, “ак сакалдар” дейбизби, “көк сакалдар” дейбизби, бирөө менен дагы сүйлөшкөн эмесмин дейт. Ошондон улам мен жыйынтык чыгардым. Демек, тигилер досума билгизбей эле өздөрүнчө жашыруун план менен иш жүргүзүп жатышкан экен. Орустар айткандай, “медвежья услуга” көрсөтүштү. Баарын тазалап, тартипке алып келебиз. Кудайга шүгүр, буга күчүбүз жетет,-деди Садыр Жапаров.

Суроо: -Эгер чындап эле 75 саясатчы дейбизби же депутаттарбы, пландаган максаттары ишке ашып, мөөнөтүнөн мурда шайлообу же төңкөрүш дейбизби, айтор бир нерсе болуп кетсе, бүгүнкү күндү кандай элестетет элеңиз?

Жооп: -Эч кандай төңкөрүш же башка нерсе болбойт. Ага биринчиден, мыйзамдар жол бербейт, экинчиден, андай акыбал жок. Өлкөнү күч менен эмес, баш менен башкарыш керек. “Билеги күчтүү бирди жыгат, билими күчтүү миңди жыгат” деген накыл сөз бар.

Мыйзамдарды окушка баштары жетпеген үчүн ушундай жолдорду ойлоп табышкан. “Күч менен башкарам” деген Бакиев азыр кайда? Күч менен башкарып келген Атамбаев кайда?

Биз өткөндөн сабак алганды үйрөнүшүбүз керек. Өлкөдө төңкөрүш болчу акыбал жок дегеним, бир суткада 24 саат болсо, 20 сааты иш үстүндөмүн. Баарын көзөмөлдөп карап турам. Туура эмес иштер болуп аткан болсо, дароо тиешелүү министрлерге, акимдерге, губернаторлорго дароо тапшырма берип оңдотуп турам.

“Тарыхтын ак барактарында калайын, урпактарымды, жакындарымды кепке кемтик, сөзгө сөлтүк кылып калтырбайын” деп беш жылдан бери кара жанымды карч уруп иштеп келе жатам.

Албетте, кемчиликтер да бар, жок эмес. 100 пайыз көзөмөлдөгөнгө жетишпейсиң, робот же компьютер эмессиң дегендей. Бирок 70-80 пайыз көзөмөлдөп турганга жетишебиз.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты