Равшан Жээнбеков: Кемпир-Абад — кыргыздын жери!

Саясатчы Равшан Жээнбеков абактан кат жазды.

-Бизди, Кемпир-Абад үчүн күрөшүп аткан саясатчыларды, жарандык активисттерди колдоп аткан эл-журтубузга, журналисттерге терең ыраазычылык билдирем.

Биз кайсы жерде болбойлу Кемпир-Абад, жерибиздин бүтүндүгү үчүн күрөштү улантабыз! Баарыңарды мыйзамдуу жол менен күрөшүүнү суранабыз.

Мени, Асия Сасыкбаева, Гульнара Журабаева, Рита Карасартова, Таалай Мадаминов, Улук Маматаев, Нурлан Асанбеков, Эрлан Бекчоро жана Али Шабдан жана башкаларды Бишкек шаардык түрмөсүнө камашты. Баарыбыздын духубуз күчтүү.

Түнү менен суук камерада Кыргызстандын гимнин ырдап убакыт өткөрдүк. Баарыбыз жерибиздин бүтүндүгү үчүн күрөшүп, эркиндигибизден ажырап атсак дагы бекем тураарыбызды кыйкырышып сүйлөшүп аттык.

Урматтуу эл-журт силер дагы жерибиздин бүтүндүгү, Кемпир-Абад үчүн бекем тургула.

Бийлик, басым, куугунтук убактылуу, ал эми жерибиз-Ата бабаларыбыздан калган түбөлүктүү, -деп жазды Равшан Жээнбеков.

23-октябрда Бишкекте жыйырмадай оппозициялык саясатчы менен активисттердин үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган. Саясатчылар Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Гүлнара Журабаева, Рита Карасартова, активисттер Эрлан Бекчоро уулу, Али Шабдан, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Атай Бейшенбек, журналист Айданбек Акмат уулу жана башкалар  48 саатка кармалды.

Адегенде 48 саатка камалган саясатчылар жана активисттер Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки айга камакка алынды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатканын билдирди.

Ошол эле күнү Канатбек Исаев Биринчи май райондук сотунун чечими менен бир айга камакка алынган. Анын эмне себептен камалганы азырынча айтылбай турат. Канатбек Исаев өзү анын камалышынын себебин Кемпир-Абадды коргоо комитетине мүчө болгонуна байланыштырды.

Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп, анын катарына Мамбетжунус Абылов, Асия Сасыкбаева, Адахан Мадумаров, Клара Сооронкулова, Исхак Масалиев, Жеңиш Молдокматов, Канатбек Исаев, Гүлнара Журабаева, Кеңешбек Дүйшөбаев,  Гүлгаакы Мамасалиева, Азимбек Бекназаров, Эркингүл Иманкожоева, Равшан Жээнбеков, Ыргал Кадыралиева, Бектур Асанов, Рита Карасартова,  П.Суранова, А.Акматов, Т.Кудайбергенов, У.Маматаев, К.Кадыров, С.Жапыкеев, О.Нарматова, А.Айтбаев, Ч.Капаров, А.Бузурманкулов, А.Шабдан, Т.Мадаминов, М.Коргонбаев, Э.Жайчиев, Данияр Акматов, Эрлан Бекчороев жана башкалар кирген.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты