“Арыз менен кайрылышса, мунапыс берсем болот”. Садыр Жапаров Алмазбек Атамбаевге чыккан сот чечими тууралуу  

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 4-июнда, президент Садыр Жапаров Кой-Таш иши боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун өкүмү боюнча “Кабар” агенттигинин суроолоруна жооп берди.  

-Мен дайыма “соттордун ишине кийлигишпегиле” деп айтып келем. “Чыгарган чечими мыйзамдуу эмес десеңер, жогорку инстанцияларга кайрылгыла, акыркы чекитти Жогорку сот койсун” деп келем. Акыркы убактарда баарыңар эле күбө болуп келе жатпайсыңарбы, актап жатышат, мисалы, кемпир-абадчылар үй камагына чыгарылып, пробация берип коюп жатышат. Демек, сот процессинде баары аныкталып, анан соттор ошондой чечим чыгарганга туура келип жатса керек деп, соттордун чечимдерине кийлигишкен жокпуз жана мындан ары да кийлигишпейбиз.

Ал эми Дубайда мурдагы президенттерди чогултуп, өткөн-кеткенди унуталы деген билдирүү боюнча оюн мындайча билдирди:

— Ооба. Мен чын ниетим менен эле үч жыл мурда экстердин баарын Дубайга чогулткам. “Эгер чындап эле баарыңардын жүрөгүңөр Кыргызстан деп соксо, анда баарыңар өткөн-кеткенди унуткула, бири-бириңерди жамандап, ушакташканды токтоткула, тарапташтарыңарга да айткыла, бири-бириңер менен тирешпегиле” дегем. Азыр деле ошол позицияда, ошол ниетимде турам.

Себеби мен бийликке келип, эки жылга чукул иштегенде көптөгөн дүйнөлүк ири инвесторлорду Кыргызстанга чакырдым, кабыл алдым. Баарынан бирдей эле жоопту угуп жаттым. “Силер, кыргыздар тынчыбаган эл экенсиңер. Үчүнчү президентиңерди кубаладыңар. Ынтымак, стабилдүүлүк жок силерде. Акча болсо тынчтыкты, стабилдүүлүктү сүйөт” деген жоопторду угуп жаттым. Албетте, ири инвестиция салыш үчүн көптөгөн мыйзамдарыбызда кемчиликтер бар экенин дагы айтышты. Ал кемчиликтерди оңдоп, тез арада жойдук.

Андан кийин экстердин баарын чогултуш керек болду. Чогулттук. Ынтымакташтырдык. Байкадыңарбы, ошондон бери бирөө дагы бири-бири менен акыйнек айтышкан жок.

Болбосо Акаев-Бакиев менен, Атамбаев-Жээнбеков менен, айтор тарапташтары жаат-жаат болуп бөлүнүп алышып акыйнек айтышып жатышчу эле. Андан бери абал тынчып, стабилдүүлүк орноду. Стабилдүүлүктү байкагандан кийин ири инвесторлор келе башташты.Алардын артынан орточолору, кичинелери келип олтуруп азыр Борбор Азияда эң көп инвестиция келген өлкө биздин өлкө болуп жатат,-деди Садыр Жапаров.

Алмазбек Атамбаев Кыргызстанга келсе камалабы деген суроого мындайча жооп болду:

— Соттун чечимин эч ким өзгөртө албайт. Менин дагы укугум жок. Менин башка укугум бар. Ал — мунапыс берүү. Эгер арыз менен кайрылышса, мунапыс берсем болот. Кой-Таш окуясына алты жыл болуптур. Сууп деле калган. Соттор мынча катуу кетпесе деле болот эле деп ойлойм. Албетте, бул менин сотторго таңуулаган оюм эмес, жеке жарандык оюм. Пробация же айып пул салуулар менен эле чектелсе жакшы болмок деп ойлойм.

Бирок бир чети, ал окуяда адам өлүп жатат. Жүзгө жакын киши жаракат алып жатат. Соттун чечими оор болобу же жеңил болобу, кандай болгондо да, ал — мыйзам чегинде кабыл алынды. Баш ийишибиз керек, деди президент Жапаров.

3-июнда кечинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту, судья Азирет Медеров Кой-Таш окуясы боюнча өкүмдү угузду.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй-мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик сыйлыктарын кайтарып алуу менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды: президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовду — 7 жыл 8 айга, саясатчы Равшан Жээнбековду — 7 жыл 8 айга, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкинаны 7 жыл 6 айга эркинен ажыратуу өкүмү чыкты. Сот залынан Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Ирина Карамушкина камакка алынды.

Сот Аскарбек Шадиев менен Алмазбек Атамбаевден 5 млрд 439 млн сом өндүрүү чечимин чыгарды.

Сүрөттө: Алмазбек Атамбаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты