Кой-Таш окуясы: Шаардык сот чечимди дээрлик өзгөрткөн жок. Ирина Карамушкинанын жазасы күчөтүлдү
- 3 месяца мурун
Бүгүн, 23-октябрда, Бишкек шаардык сотунда Кой-Таш окуясы боюнча иш каралып, Биринчи май райондук сотунун өкүмү дээрлик өзгөртүүсүз калтырды. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ирина Карамушкинага добуш сатып алуу боюнча кошумча жаза, жалпы 8 жыл мөөнөт берилди. Мурда ага чыгарылган пробация режими жоюлуп, үй мүлкүн конфискациялоо чечими кошулду.
2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу сот Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда улантылган.
3-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту, судья Азирет Медеров Кой-Таш окуясы боюнча өкүмдү угузду. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй-мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик сыйлыктарын кайтарып алуу менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов менен саясатчы Равшан Жээнбековду 7 жыл 8 айга, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкинаны 7 жыл 6 айга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Эми Ирина Карамушушкинанын жазасы жалпы 8 жыл берилип, мурда чыгарылган пробация режими жалпы режимдеги абакта өтөө менен, үй-мүлкү конфискациялоого алуу чечими чыкты.
Райондук сот 3-июнда ошондой эле Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Асел Кодурановага 3 жыл пробация, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мээрбек Мискенбаевге 5 жыл пробация, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Канат Сагынбаевге 5 жыл пробация, Журналист Кундуз Жолдубаевага 5 жыл пробация, Фархад Баабиевди 5 жыл 6 ай эркинен ажыратуу, Канат Өскөналиевге 5 жыл пробация, Карыпбек уулу Рыспекке 5 жыл пробация, Амангелди Какебаевге 3 жыл пробация, Марат Шаменовго 3 жыл пробация, Нооруз Капарбек уулуна 3 жыл пробация жазасын чегерген.
Аскар Шадиевдин үй-мүлкүн конфискациялоо менен 15 жыл 6 ай эркинен ажыратуу чечимин чыгарды;
Сот Аскарбек Шадиев менен Алмазбек Атамбаевден 5 млрд 439 млн сом өндүрүү чечимин чыгарды.
Судья Азирет Медеров эркинен ажыратылгандарды сот залынан камакка алуу чечимин чыгарган.
Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин тергөө иши 2020-жылдын февраль айында сотко өтүп, ишти Биринчи май райондук соту караган.
2019-жылдын 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери өлүп, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.
Сүрөт: Сот залынан. kaktus.media




