Камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу президентке, депутаттарга, укук коргоочуларга кайрылуу жасады
- 1 месяц мурун
- Баяндар
Камактагы саясатчы Равшан Жээнбековдун уулу Азат Равшан уулу президентке, депутаттарга, укук коргоочуларга кайрылуу жасады.
-Менин атам, саясатчы Равшан Жээнбековдун мурдагы УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаевдин түздөн түз көрсөтмөсү менен 2019-жылы Кой-Таш иши менен жалган жалаа жабылып, 2025 -жылдын октябрь айында соттолуп, азыркы күндө катаал режимдеги, камералык типтеги, айнегине чейин жабылып чүмбөттөлгөн террористтерди жана диний экстремисстерди кармаган түрмөдө жатканына 8 айга жакындады.
«Атам 24 саат бою кичинекей камерада, күндү, асманды көрбөй, таза аба менен дем ала албай, террористтерди кармаган катаал шартта, ден-соолугунан ажырап, камакта отурат. Кыргыз элибиздин белгилүү жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычында” кыргыздын баатырларын Кокон хандыгы кармап барып, зынданда кармаганы айтылат, бирок, ал зындандан кыргыздын баатырлары жок дегенде күндү, асманды көрө алчу экен» деди Азат Равшан уулу.
-Ал эми XXI кылымда мамлекетибиз, кыргыз мамлекети саясий беренелер менен камалган менин атама күн менен асманды көрүүгө дагы тыюу салганы, мени, кыргыз жаранын тан калтырат, зээнимди кейитет. Буга кошумча, атам террористтерди кармаган түрмөгө келгенге чейин дагы 3 жыл 8 ай катаал, эч кандай шарты жок тергөө абагында жаткан,-деп билдирди Равшан Жээнбековдун уулу.
-Урматтуу президент мырза, депутаттар, укук коргоочулар, Эгер, менин жазгандарым жалган десениздер, мыйзам баарыныздарга жол берет, барып өзүңүздөр көрүп келсениздер болот.Менин оюмча, жалган жалаа жана саясий өңүттө камалган саясатчыны, менин атам Равшан Жээнбековду террористтерди, диний радикал экстремисттерди камаган катаал режимдеги зынданда кармоо адилетсиз жана гумандуулукка жатпайт, коопсуздугуна кепилдик бербейт,- деди кайрылууда.
2025-жылы 3-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту, судья Азирет Медеров Кой-Таш окуясы боюнча өкүмдү угузду. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй-мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик сыйлыктарын кайтарып алуу менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов менен саясатчы Равшан Жээнбековду 7 жыл 8 айга, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкинаны 7 жыл 6 айга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Эми Ирина Карамушкинанын жазасы жалпы 8 жыл берилип, мурда чыгарылган пробация режими жалпы режимдеги абакта өтөө менен, үй-мүлкү конфискациялоого алуу чечими чыкты.
Президент Садыр Жапаров президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязовго ырайым берип, абактан чыгарылды.
2019-жылдын 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери өлүп, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.
Сүрөт: Социалдык тармактан




