Равшан Жээнбеков: “Саясий оппоненттерди ар кандай шылтоо менен камоо туура эмес экенин тарыхыбыз далилдеген”
- 1 месяц мурун
Саясатчы Равшан Жээнбеков кечээ, 23-октябрда, Бишкек шаардык соту Кой-Таш окуясы боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин дээрлик өзгөртпөгөн чечим кабыл алгандан кийин кайрылуу жасады.
Равшан Жээнбеков мындай деди:
-Кечээ, өлкөбүздөгү тарыхый окуялардын бирине убактылуу болсо дагы чекит коюлду. Көз каранды сот мурдагы бийликтин кылмышын жаап-жашырып, бир тараптуу чечим чыгарды. Мени 7 жыл 8 айга соттоп тынды.
-Дүйнөдөгү эң жогорку сыймык бул өлкөңө, элине кызмат кылуу. Биздин өлкө укуктуу жана демократиялуу, ал эми элибиз эркин болушу керек. Мен Кыргызстандын эркин жана демократиялуу өлкө болушуна бүт өмүрүмдү арнагам. Бул максат үчүн курөш, аракет эч убакта токтогон эмес жана токтобойт. Саясий оппоненттерди ар кандай шылтоолорду пайдаланып камоо туура эмес экенин тарыхыбыз далай жолу далилдеген, келечегибиз дагы далилдээрине ишенем,-деди Равшан Жээнбеков.

Кайрылуу кат Айсулуу Кудайбердиева тарабынан Фейсбук баракчасына жарыяланды.
23-октябрда Бишкек шаардык сотунда Кой-Таш окуясы боюнча иш каралып, Биринчи май райондук сотунун өкүмү дээрлик өзгөртүүсүз калтырды. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Ирина Карамушкинага добуш сатып алуу боюнча кошумча жаза, жалпы 8 жыл мөөнөт берилди. Мурда ага чыгарылган пробация режими жоюлуп, үй мүлкүн конфискациялоо чечими кошулду.
2019-жылдын августундагы Кой-Таш окуясына байланыштуу сот Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда улантылган.
3-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту, судья Азирет Медеров Кой-Таш окуясы боюнча өкүмдү угузду. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди үй-мүлкүн конфискациялоо, мамлекеттик сыйлыктарын кайтарып алуу менен 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Фарид Ниязов менен саясатчы Равшан Жээнбековду 7 жыл 8 айга, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ирина Карамушкинаны 7 жыл 6 айга эркинен ажыратуу өкүмү чыккан. Эми Ирина Карамушушкинанын жазасы жалпы 8 жыл берилип, мурда чыгарылган пробация режими жалпы режимдеги абакта өтөө менен, үй-мүлкү конфискациялоого алуу чечими чыкты.
Кой-Таш окуясы боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, мурдагы депутаттар Ирина Карамушкина, Асел Кодураңова, Равшан Жээнбеков баштаган 14 кишинин тергөө иши 2020-жылдын февраль айында сотко өтүп, ишти Биринчи май райондук соту караган.
2019-жылдын 7-8-август күндөрү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурунда УКМКнын бир кызматкери өлүп, бир топ укук коргоо органдарынын кызматкерлери жарат алган. Андан тышкары, 136 адам медициналык жардам алуу үчүн кайрылган.




