Президент он чакты күндөн кийин Асман шаары салына башталарын билдирди

Президент Садыр Жапаров Асман шаары жакын арада, он чакты күндөн кийин салына баштаарын билдирди.

Бул тууралуу президент 25-майда Балыкчы шаарына иш сапар менен барганда билдирди.   

“Жакын арада, он чакты күндөн кийин «Асман» шаары салына баштайт. Былтыр биз капсула салгандан кийин аны көргөн чет өлкөлүк өнөктөштөрүбүз тараптан жөн эле шаар салып койбой, жашыл шаар салалы деген сунуштар түшүп, мурдагы долбоорлоруна өзгөрүүлөр кирип, курулуштун башталышы бүгүнкү күнгө чейин созулуп келди эле. Азыр дүйнөлүк коомчулук жашыл экономикага, жашыл энергетикага, жашыл шаарларга өтүүгө талап коюп жатат. Шаар Ысык-Көлгө зыянын тийгизбеши үчүн биз дагы заманбап шаар куруу сунушун кабыл алып, жашыл шаарды баштап жатабыз” деди Жапаров.

Өткөн жылы 30-июнда Ысык-Көлдө Асман экологиялык таза шаарынын курулушуна капсула салынган.

Шаардын долбоорун даярдоого 1,5-2 жылдай убакыт кеткен. Ал шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашай тургандыгы пландалууда. Шаардын жалпы аянты 4 миң гектарды түзөт.

Курулуш иштерин 7-10 жылда бүткөрүү пландалууда. Президенттик администрация шаарды тыштан келген инвесторлор саларын билдиргени менен, кайсы инвесторлор экенин так ачыктаган жок. 

Президенттин администрациясы Ысык-Көл облусуна “Асман” деп аталган, 500 миң туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун былтыр жайында жарыялаган.

Экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар 7-10 жылдын аралыгында курулары кабарланган. Шаар Тору-Айгыр айылына түшмөк. Киийнчерээк ал Тору-Айгыр айылы менен Тамчыдагы «Ысык-Көл» аэропортунун ортосуна деп өзгөртүлөрү кабарланган.

Руслан Акматалиев Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы болуп дайындалган.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы 23-октябрда маалымат жыйынында Асман шаарынын келечектеги курулушу тууралуу суроого мындайча жооп берген.

-Асман шаарынын башкы планы иштелип жатат. Ал 1-1,5 жылда башталат. Биз сыйкырчы эмеспиз, “сүф” десе эле шаар туруп калгандай. Бюджеттен бир тыйын да короткон жокпуз, бул-инвесторлордун акчасы. Биз гектерлап-гектарлап жерди бөлүп беребиз, Кытай, Сауд Аравия ж.б. мамлекеттерден сурап жатышат. Мамлекет инфраструктура гана курат. Инвесторлор 20 млрд доллардын тегерегинде коротот. 3-7 жылдан кийин салынып бүтүп калса да жакшы. Анда чет өлкөлүктөр да батир  сатып алса болот, -деген Президент.

Ысык-Көл облусунда куруу пландалып жаткан «Асман» долбоорунан баш тартууну бийликтен талап кылуу петициясы жарыяланды. Анын ордуна  Ысык-Көлдөгү кичи шаарларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн кароо боюнча бийликке сунуш берилди.  

Расмий сүрөт  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты