75чилердин иши: Бишкек шаардык сотунда отурум улантылды
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 3-сентябрда, Бишкек шаардык сотунда “75чилердин иши” боюнча соттук отурум улантылды.
“Азаттык” жазгандай, “75 чилер” деп аталган топтогу кол койгондор арасындагы коомдук ишмерлер Кемел Ашыралиев, Шамшыбек Медетбеков жана Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов сотко барды.
«Кокусунан болуп калды. Бильярд ойнойбуз, ошол жерден көрсөтүп калышты, ошол жерде кол коюп койгом» деди журналисттерге Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов.
-Катты окуганбыз. Катта экономикалык өнүгүү-өсүү, коомдогу туруктуулукту сактоо үчүн деп айтылган. Эч кандай фактылар, цифралар жок. Бардыгы эле ордунда тургандай,- деди Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов журналисттерге 3-сентябрда.
Буга чейин соттун чечиминде айтылгандай, катка кол койду деген күбөлөр суралууда.
27-августта Бишкек шаардык сотунда “75чилердин иши” боюнча соттук отурум өткөн. Соттун имаратына кылмыш ишиндеги негизги фигуранттар Камчыбек Ташиев, Нурланбек Тургунбек уулу жана Курманкул Зулушев келген. Сот отурумуна келген мурдагы вице-премьер министр Токон Мамытов “75чилердин” катына кол койбогонун билдирген.
13-августта Бишкек шаардык сотунда 75чилердин каты боюнча апелляциялык арыздын негизинде сот иши улантылды. Сот катка кол койгон 70 кишини сотко чакыруу өтүнүчүн канааттандырды.
2-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 75 кишинин каты боюнча козголгон кылмыш ишинин өкүмүн чыгарган.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс- башкы прокурор Курманкул Зулушев, саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев, Курсан Асанов жана Эмилбек Узакбаев, бардыгы 8 киши күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратуу чечими чыкты. Жаза мөөнөтүн алардын баары пробация режиминде өтөшмөкчү.
Алардын үй-мүлкү конфискация болмокчу. Сот айыпталуучуларды Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча актап, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айыптап, үч жыл пробация берди.
Бул иш боюнча камакта жаткан бешөө Бекболот Талгарбеков, Эмилбек Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев жана Курсан Асанов сот залынан бошотулган.
Камчыбек Ташиевдин жана Курманкул Зулушевдин адвокаттары райондук соттун чечимине нааразы болуп, кийинки инстанцияга кайрылган.
24-августта “Ырыс ордо” мамлекеттик конгресс борборунун ачылышында “75чилердин каты” боюнча айыпталып жаткандардын бир тобу да барышкан. Айрымдары укук коргоо органдарынын жетекчилери менен бирге турганы талкуу пайда кылган.
Сүрөт: Мурдагы сот жыйындарынан. Интернет булактарынан




