75чилердин иши: Бишкек шаардык сотунда айыпталуучуларга эки жыл пробация режими берилди
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Бүгүн, 10-сентябрда, 75чилердин иши боюнча Бишкек шаардык сотунда сегиз кишиге өкүм чыгарылды. Бишкек шаардык соту айыпталуучуларга 2 жыл пробация режимин берди. Бийликти күч менен басып алуу беренесин кылмыш кодексинин 195-беренесине, шайлоо укугун ишке ашырууга тоскоолдук жасоо беренеси менен алмаштырып, төрт жылга эркинен ажыратты. Бирок алар 2 жыл пробация режиминде жазасын өтөшөт.
Чечим чыгарууну угузууда журналисттер киргизилген жок.
Прокурорлор айыпталуучуларды 9 жылдан эркинен ажыратууну суранган.
Бүгүн, 10-сентябрда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы «Камчыбек Ташиевдин акталам деп турганын Бишкек шаардык сотундагы жарыш сөз учурунда айтканын адвокат Икрамидин Айткулов билдирди.
13-августта Бишкек шаардык сотунда 75чилердин каты боюнча апелляциялык арыздын негизинде сот иши улантылды. Сот катка кол койгон 70 кишини сотко чакыруу өтүнүчүн канааттандырды.
2-июлда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту 75 кишинин каты боюнча козголгон кылмыш ишинин өкүмүн чыгарган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, экс-башкы прокурор Курманкул Зулушев, саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев, Курсан Асанов жана Эмилбек Узакбаев, бардыгы 8 киши күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркинен ажыратуу чечими чыкты. Жаза мөөнөтүн алардын баары пробация режиминде өтөшмөк болгон. Биринчи май районунун чечими боюнча, алардын үй-мүлкү конфискация болмок. Сот айыпталуучуларды Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси боюнча актап, кызмат абалынан кыянат пайдалануу боюнча айыптап, үч жыл пробация берген.
Бишкек шаардык соту айыпталуучу 8 кишиге 2 жыл пробация режимин берди. Бийликти күч менен басып алуу беренесин кылмыш кодексинин 195-беренесине, шайлоо укугун ишке ашырууга тоскоолдук жасоо беренеси менен алмаштырып, төрт жылга эркинен ажыратылды. Бирок 2 жыл пробация режиминде болушат.
Сүрөт: Мурдагы сот отурумдарынан. Интернет булактарынан




