Ысык-Көлдө «Асман» шаары курула турган аймак өзгөрүүдө

  • 2 года мурун

Ысык-Көл облусундагы “Асман” шаары түшө турган аймак өзгөрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосу президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабировго шилтеме берип жазды.

“Шаар курулат деп пландалган жер биосфералык аймакка киргендигине байланыштуу 10 чакырым ары жылат. Тору-Айгыр айыл өкмөтү менен Тамчы аэропортунун ортосунда болуп калат. Ошондо аэропортко 10-12 чакырым жакындайт”, — деп билдирген Сабиров.

Равшанбек Сабиров “Асман” шаарынын аянты долбоордо жазылгандай эле 4 миң гектар бойдон каларын кошумчалады. Аны ишке ашыруу үчүн Франция, Түркия мамлекеттеринен инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

Президенттин администрациясы Ысык-Көл облусуна “Асман” деп аталган, 500 миң туруктуу жашоочуга ылайыкташтырылган шаарды куруу долбоорун былтыр жайында жарыялаган. Экологиялык таза, заманбап шарттары бар бул шаар 7-10 жылдын аралыгында курулары кабарланган. Шаар Тору-Айгыр айылына түшмөк.

Бир катар жарандык активисттер долбоорго каршы чыгып, “Асман шаарынын курулушуна жол жок” деген кыймыл түзүлгөн. Алар Ысык-Көл менен анын жака-белиндеги жерлер коргоого алынган биосфералык аймакка кирерин, шаар курулса экологиялык катастрофа жаралышы ыктымал экенин эскертишкен.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты