15-сентябрда өлкөдө жаңы окуу жылы башталат. Коопсуздук чаралары күчөтүлөт

15-сентябрда Кыргызстанда 2026-2027-окуу жылы расмий түрдө башталат. Ички иштер министрлиги жана Агартуу министрлиги жаңы окуу жылынын башталышына байланыштуу коопсуздук чараларын күчөтөт.

Окуучулардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында Ички иштер министрлиги Агартуу министрлиги менен бирге билим берүү мекемелеринин айланасында коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылуу боюнча чараларды күчөтөт.

Агартуу министрлиги тарабынан жалпы билим берүү уюмдарында 2026–2027-окуу жылын 15-сентябрда баштоо жөнүндө чечим кабыл алынган.

Окуу жылынын башталыш мөөнөтүн өзгөртүү боюнча сунуш өлкөдө өткөрүлө турган бир катар ири эл аралык жана мамлекеттик иш-чараларга, анын ичинде Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына арналган иш-чараларга байланыштуу киргизилген.

Ал эми окуу жылын 2027-жылдын 25-майында аяктоо пландалууда. Ошол эле учурда окуу программаларынын толук өздөштүрүлүшүн жана билим берүү процессинин сапатын сактоону камсыздоо үчүн зарыл болгон бардык чаралар көрүлөрү айтылган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты