Руслан Акматалиев Асман шаарын куруу дирекциясынын башчысы болду

12-апрелде Руслан Акматалиев Асман шаарын куруу боюнча мамлекеттик дирекциянын башчысы болуп дайындалды.

Бул тууралуу Руслан Акматалиев ЖМКга билдирди.

Ал эми буга чейин дайындалган Асман долбоорунун жетекчиси, «Элит хаус» курулуш компаниясынын башчысы  Тимур Файзиев бул иштен четтетилди.

2021-жылы 17-июлда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылында Президенттин кеңешчиси Равшанбек Сабировдун төрагалыгы алдында “Асман — экологиялык таза шаар” пилоттук долбоорун ишке ашыруу алкагында чечимдерди иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун көчмө кеңешмеси болуп өткөн.

2021-жылы 15-июлда Министрлер Кабинетинин буйругу менен аталган пилоттук долбоордун алкагында долбоордук чечимдерди иштеп чыгуу максатында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Анын курамына Министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов (жумушчу топтун жетекчиси), айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министринин орун басары Нурлан Шерипов (жумушчу топтун жетекчисинин орун басары), ошондой ишке тартылган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы 23-октябрда маалымат жыйынында Асман шаарынын келечектеги курулушу тууралуу суроого мындайча жооп берген.

-Асман шаарынын башкы планы иштелип жатат. Ал 1-1,5 жылда башталат. Биз сыйкырчы эмеспиз, “сүф” десе эле шаар туруп калгандай. Бюджеттен бир тыйын да короткон жокпуз, бул-инвесторлордун акчасы.

Биз гектерлап-гектарлап жерди бөлүп беребиз, Кытай, Сауд Аравия ж.б. мамлекеттерден сурап жатышат. Мамлекет инфраструктура гана курат. Инвесторлор 20 млрд доллардын тегерегинде коротот. 3-7 жылдан кийин салынып бүтүп калса да жакшы.    Анда чет өлкөлүктөр да батир  сатып алса болот, -деген Президент.

Ысык-Көл облусунда куруу пландалып жаткан «Асман» долбоорунан баш тартууну бийликтен талап кылуу петициясы жарыяланды. Анын ордуна  Ысык-Көлдөгү кичи шаарларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн кароо боюнча бийликке сунуш берилди.    

1998-жылы  “Ысык-Көл” биосфералык аймагы түзүлгөндүгү жана Ысык-Көл өзгөчө коргоого алынышы керектиги белгиленди.

Петиция бул шилтемеде change.org  

Асман шаарын куруу долбоору боюнча саясатчы Токтайым Үмөталиеванын ой-пикири бул шилтемеде.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты