Президент Жапаров: Асман шаарынын келечеги абдан чоң  

  • 2 года мурун

Садыр Жапаров бүгүнкү маалымат жыйынында Асман шаарынын келечектеги курулушу тууралуу суроого жооп берди.

-Асман шаарын куруу башталат, башкы план иштелип жатат. Ал 1-1,5 жылда башталат. Биз сыйкырчы эмеспиз, “сүф” десе эле шаар туруп калгандай. Бюджеттен бир тыйын да короткон жокпуз, бул-инвесторлордун акчасы.

Биз гектерлап-гектарлап жерди бөлүп беребиз, Кытай, Сауд Аравия ж.б. мамлекеттерден сурап жатышат. Мамлекет инфраструктура гана курат. Инвесторлор 20 млрд доллардын тегерегинде коротот.

3-7 жылдан кийин салынып бүтүп калса да жакшы.    Анда чет өлкөлүктөр да батир  сатып алса болот.

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда, жергиликтүү жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн ири маалымат жыйынын өткөрүп жатат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты