Токмок шаарында эки адам каза болгон жол кырсыгы боюнча айдоочу кармалды
- 1 неделя мурун
- Жаңылыктар
2026-жылдын 1-октябрында саат 22:24 чамасында Токмок шаарындагы Бишкек–Торугарт унаа жолунун 60-чакырымында жол-транспорт кырсыгы катталган.
Баштапкы маалыматка ылайык, «Honda Stepwgn» үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу «Бишкек Петролеум» май куюучу жайынын жанындагы жол тилкесинде жолдун четинде бара жаткан эки жөө жүргүнчүнү сүзүп кеткен.
Жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 1967-жылы туулган жана 1960-жылы туулган эки аял алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Аталган факты боюнча 2-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Жол кырсыгына шектүү катары 2009-жылы туулган Б.Н. аттуу автоунаанын айдоочусу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 3-октябрда
Токмок шаардык сотунун чечими менен ага карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалган.
Тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




