Асман шаарынын курулушунан баш тартуу боюнча петиция жарыяланды

  • 2 года мурун

Ысык-Көл облусунда куруу пландалып жаткан «Асман» долбоорунан баш тартууну бийликтен талап кылуу петициясы жарыяланды. Анын ордуна  Ысык-Көлдөгү кичи шаарларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн кароо боюнча бийликке сунуш берилди.    

1998-жылы  “Ысык-Көл” биосфералык аймагы түзүлгөндүгү жана Ысык-Көл өзгөчө коргоого алынышы керектиги белгиленди.

Ошондуктан бийликтен пландалып жаткан Асман шаарынын курулушун токтотуу талап кылынды жана Ысык-Көл аймагындагы кичи шаарларды өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды.  

Петиция бул шилтемеде change.org  

2021-жылы 17-июлда Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районундагы Тору-Айгыр айылында Президенттин кеңешчиси Равшанбек Сабировдун төрагалыгы алдында “Асман — экологиялык таза шаар” пилоттук долбоорун ишке ашыруу алкагында чечимдерди иштеп чыгуу боюнча ведомстволор аралык жумушчу топтун көчмө кеңешмеси болуп өткөн.

2021-жылы 15-июлда Министрлер Кабинетинин буйругу менен аталган пилоттук долбоордун алкагында долбоордук чечимдерди иштеп чыгуу максатында ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

Анын курамына Министрлер кабинетине караштуу архитектура, курулуш, турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Токтомамбет Сатышов (жумушчу топтун жетекчиси), айыл, суу чарба жана региондорду өнүктүрүү министринин орун басары Нурлан Шерипов (жумушчу топтун жетекчисинин орун басары), ошондой ишке тартылган мамлекеттик органдардын өкүлдөрү кирген.

Садыр Жапаров 2021-жылы 23-октябрдагы жыйында Асман шаарынын келечектеги курулушу тууралуу суроого жооп берди.

-Асман шаарын куруу башталат, башкы план иштелип жатат. Ал 1-1,5 жылда башталат. Биз сыйкырчы эмеспиз, “сүф” десе эле шаар туруп калгандай. Бюджеттен бир тыйын да короткон жокпуз, бул — инвесторлордун акчасы.

Биз гектерлап-гектарлап жерди бөлүп беребиз, Кытай, Сауд Аравия ж.б. мамлекеттерден сурап жатышат. Мамлекет инфраструктура гана курат. Инвесторлор 20 млрд доллардын тегерегинде коротот.

3-7 жылдан кийин салынып бүтүп калса да жакшы.   Анда чет өлкөлүктөр да батир  сатып алса болот, -деген Садыр Жапаров.

«Элит Хаус» курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев «Экологиялык таза Асман шаары» долбоорун жетектейт. Бул тууралуу ал өзүнүн Инстаграм баракчасында кабарлаган.

Анын айтымында, Ысык-Көлдө курулчу Асман шаары 500 миң кишиге эсептелген. Кийинчерээк шаар калкынын саны 1 миллион кишиге чейин жетиши мүмкүн. Ал эми долбоордун курулуш иштери ушул жылдын жаз айларында башталат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты