Садыр Жапаров Асман шаарынын курулушуна капсула салды
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-июнда Ысык-Көлдө Асман экологиялык таза шаарынын курулушуна капсула салды. Бул тууралуу президенттин администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев жана министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, чет өлкөлүк компаниялардын өкүлдөрү катышты.
Шаардын долбоорун даярдоого 1,5-2 жылдай убакыт кеткен. Ал шаарда 500 миңден 700 миңге чейин адам жашай тургандыгы пландалууда. Шаардын жалпы аянты 4 миң гектарды түзөт.
Курулуш иштерин 7-10 жылда бүткөрүү мерчемделүүдө.
Президенттик администрация шаарды тыштан келген инвесторлор саларын билдиргени менен, кайсы инвесторлор экенин так ачыктаган жок.
Муну бөлүшүү