Олжобай Шакир сотко алынып келинбей, сот иши жылдырылды  

  • 5 месяцев мурун

Жазуучу, журналист Олжобай Шакир 20-декабрда да сотко алынып келинбей, бир айдын ичинде үчүнчү жолу сот иши жылдырылды.

Бул тууралуу адвокат Бакытбек Автандил уулу «Азаттыкка» билдирди.

6-декабрда, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда жазуучу, публицист Олжобай Шакирге социалдык тармактарда жапырт баш-аламандыкка чакырган деген прокуратура өкүлү тарабынан айып угузулду. “Булардын тизгинин кагыш керек” деген сөзү оор кылмышка жатары айтылды.

Олжобай Шакир коюлуп жаткан айып менен макул эместигин билдирди.

Шакирдин жактоочусу Акмат Алагушев ишке экспертиза жасаган эксперттерди сотко чакырып келүү өтүнүчүн келтирди жана өтүнүч кабыл алынды.

13-сентябрда Бишкек шаар сотуу жазуучу, публицист, активист Олжобай Шакирдин (Олжобай Эгембердиев) кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

УКМК Олжобай Шакирге кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгонун 25-августта билдирген.

24-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда жазуучу жана активист Олжобай Шакирдин баш коргоо чарасы жабык түрдө каралды. Сот Олжобай Шакирди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Олжобай Шакир элди тынчтык митингине үндөгөн билдирүү жарыялаган деп айыпталууда. Анда ал Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы 31-августта митинг өтөрүн айтып, кайдыгер эмес жарандарды катышууга чакырган.

17-августта Кыргызстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берери тууралуу маалымат тараган. Анда Ысык-Көлдүн жээктеринде “Эне-Сай”, “Бостери”, “Алтын Жай” жана “Бустон” пансионаттары жайгашкан жерлер ижарага берилип, ал эми коңшу өлкө пансионаттарды реконструкциядан өткөрөрү айтылат. 

Замандаштары “Олжобай Шакирдин камалышы чоӊ катачылык болду” деп, президентке, УКМК төрагасына кайрылуу жолдоду.

Сүрөт: «ПолитКлиника».. Соттун жүрүшүнөн. 18-сентябрь, 2023.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты