Ысык-Көлдөгү төрт пансионат Өзбекстанга башкарууга берилет

  • 9 месяцев мурун

Ысык-Көлдүн жээгиндеги төрт пансионат Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берилет. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу агенттигинин директору Канатбек Тургунбеков “Азаттыкка” билдирди. Сөз “Дилором”, “Золотые пески”, “Рохат” жана “Бустон” пансионаттары жөнүндө болуп жатат.

Тургунбеков Өзбекстан пансионаттардын ар бирине 15-20 миллион доллар инвестиция жумшоону көздөп жатканын белгиледи.

Өкмөт 2020-жылы эле “Алтын кум”, “Рохат” жана “Дилором” мамлекеттик пансионаттарын жеке менчикке башкарууга берүү ниетин билдирген. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду бул жайлар мамлекеттин менчиги болуп кала берерин, инвесторго убактылуу башкарууга берилерин айткан.

2016-жылы кыргыз өкмөтү совет учурунда Ысык-Көлдө Өзбекстан пайдаланып келген төрт пансионатты менчиктештирүү боюнча токтом чыгарган. Эс алуу жайларынын аталыштары кыргызчаланып, “Рохат” — “Алтын жай”, “Дилором” — “Эне-Сай”, “Золотые пески” — “Бостери” деп өзгөргөн. Ал эми «Бустон» пансионатынын аты ошол бойдон калган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты