Бишкек шаар соту Олжобай Шакирдин кармалышын мыйзамдуу деп тапты

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 13-сентябрда, Бишкек шаар сотуу жазуучу, публицист, активист Олжобай Шакирдин (Олжобай Эгембердиев) кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Олжобай Шакирди 23-августта кармаган жана ал 48 саатка камалган.

УКМК Олжобай Шакирге кылмыш жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгонун 25-августта билдирген. Маалыматта шектүү “Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келгени, бул боюнча эксперттик корутунду да чыкканы” айтылат.

24-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда жазуучу жана активист Олжобай Шакирдин баш коргоо чарасы жабык түрдө каралды. Сот Олжобай Шакирди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

Олжобай Шакир элди тынчтык митингине үндөгөн билдирүү жарыялаган деп айыпталууда. Анда ал Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы 31-августта митинг өтөрүн айтып, кайдыгер эмес жарандарды катышууга чакырган.

17-августта Кыргызстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берери тууралуу маалымат тараган. Анда Ысык-Көлдүн жээктеринде “Эне-Сай”, “Бостери”, “Алтын Жай” жана “Бустон” пансионаттары жайгашкан жерлер ижарага берилип, ал эми коңшу өлкө пансионаттарды реконструкциядан өткөрөрү айтылат. 

Замандаштары “Олжобай Шакирдин камалышы чоӊ катачылык болду” деп, президентке, УКМК төрагасына кайрылуу жолдоду.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты