Жазуучу Олжобай Шакир эки айга камакка алынды

Бүгүн, 24-августта, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда жазуучу жана активист Олжобай Шакирдин баш коргоо чарасы жабык түрдө каралды. Сот Олжобай Шакирди эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Баш коргоо чарасын кароо процессине журналисттер киргизилген жок.

Жазуучу жана активист Олжобай Шакир 23-августта 48 саатка камалган.

23-августта Олжобай Шакирдин дайынсыз жоголгонун жакындары айтып чыгышкан. Кечки саат 20:30дарда укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова жазуучу УКМКга жеткирилгенин жазды.

21-августта Олжобай Шакир элди тынчтык митингине үндөгөн билдирүү жарыялаган. Анда ал Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы 31-августта митинг өтөрүн айтып, кайдыгер эмес жарандарды катышууга чакырган.

Эске салсак, 17-августта Кыргызстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берери тууралуу маалымат тарады. Анда Ысык-Көлдүн жээктеринде “Эне-Сай”, “Бостери”, “Алтын Жай” жана “Бустон” пансионаттары жайгашкан жерлер ижарага берилип, ал эми коңшу өлкө пансионаттарды реконструкциядан өткөрөрү айтылат. 

Олжобай Шакирге бийликти басып аоууга аракеттенген деген айып коюлганын анын адвокаты Бакытбек Автандил билдирген.

Олжобай Шакир ага коюлуп жаткан айыптар тууралуу жактоочусу аркылуу билдирүү жасай турганын кабарлады.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты