Махабат Тажибек кызынын соту дагы жылдырылды

Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда журналист Махабат Тажибек кызынын иши боюнча 30-сентябрга белгиленген соттук отуруму 6-октябрга жылдырылды.

Бул ушуну менен соттун үчүнчү жолку кийинкиге жылдырылышы экендигин укук коргоочу Гүлшайыр Абдирасулова Фейсбук баракчасына жазды.

“Мамлекеттик эксперттердин келбей калышына байланыштуу сотту жылдырышты. Биз кезектеги соттук процесстин башталышын күтүп жүрөбүз. Ал саат 16да башталмак, сот мамлекеттик эксперттерди күтүүдө, негизи алар Махабатты айыптаган чечим чыгарып коюшкан. Тараптар аларга суроо берип, жообун алууну күтөт. Ал эми ал “эксперттердин” бири Жанышбек уулу Азамат Илимдер академиясынын политологу, бирок ал сот эксперттеринин тизмесинде жок, сертификаты да жок” деп жазды Гүлшайыр Абдирасулова.

2026-жылдын 23-февралында журналист Махабат Тажибек кызы соттун чечиминен кийин №2 түзөтүү жайынан үйгө бошотулган.

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту журналист Махабат Тажибек кызын эч жакка чыкпоо шарты менен бошотуу чечимин кабыл алды. Бирок сот башка чечимдерди өзгөрткөн жок.

2026-жылы 10-мартта Жогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын ишин жаңы жагдайларга байланыштуу кайра карап, буга чейинки чечимдери жокко чыгарып, ишти кайра кароого Бишкек шаарынын Ленин райондук сотуна жөнөттү.

Жогорку сот Махабат Тажибек кызын алты жылга эркинен ажыраткан Ленин райондук сотунун 2024-жылдын 10-октябрындагы чечими, 2024-жылдын 18-декабрындагы аны күчүндө калтырган Бишкек шаардык сотунун чечимин жана эки инстанциянын чечимдерин күчүндө калтырган Жогорку соттун 2025-жылдын 25-февралындагы өкүмү жокко чыгарылды.

Буга чейин журналисттин ишин караган Бириккен Улуттур Уюмунун (БУУ) жумушчу тобу 2025-жылдын 16-ноябрында Махабат Тажибек кызынын кармалышы мыйзамсыз жана ал бошотулууга тийиш экенин расмий билдирген.  

Буга байланыштуу жактоочулар Жогорку сотко жаңы жагдайлар боюнча ишти кайрадан кароо керектиги боюнча кайрылган.  

Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан райондук прокуратуранын доо арызы канааттандырылып, Temirov Live, Kloop. kg « Айт Айт Десе” медиа долбоорлорунун маалыматтык материалдары экстремисттик деп табылган.

2025-жылы 10-октябрда Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажибек кызын 6 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарган.

Сүрөттө: Махабат Тажибек кызы. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты