Сотто Олжобай Шакирге айып угузулду

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 6-декабрда, Чүй облусунун Аламүдүн райондук сотунда жазуучу, публицист Олжобай Шакирге социалдык тармактарда жапырт баш-аламандыкка чакырган деген прокуратура өкүлү тарабынан айып угузулду. “Булардын тизгинин кагыш керек” деген сөзү оор кылмышка жатары айтылды.

Олжобай Шакир коюлуп жаткан айып менен макул эместигин билдирди.

Шакирдин жактоочусу Акмат Алагушев ишке экспертиза жасаган эксперттерди сотко чакырып келүү өтүнүчүн келтирди жана өтүнүч кабыл алынды.

Кийинки сот отуруму 12-декабрда болот.    

13-сентябрда Бишкек шаар сотуу жазуучу, публицист, активист Олжобай Шакирдин (Олжобай Эгембердиев) кармалышын мыйзамдуу деп тапты.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Олжобай Шакирди 23-августта кармаган жана ал 48 саатка камалган.

УКМК Олжобай Шакирге кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен кылмыш иши козголгонун 25-августта билдирген. Маалыматта шектүү “Facebook, TikTok жана YouTube социалдык тармактарында чагымчыл маанайдагы билдирүүлөрдү жайгаштырып, бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбөөгө жана массалык башаламандыкка чакырган билдирүүлөрдү жайгаштырып келгени, бул боюнча эксперттик корутунду да чыкканы” айтылат.

24-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда жазуучу жана активист Олжобай Шакирдин баш коргоо чарасы жабык түрдө каралды. Сот Олжобай Шакирди эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.


Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты