“Олжобай Шакирдин камалышы чоӊ катачылык болду”. Замандаштар президентке, УКМК төрагасына кайрылуу жолдоду

  • 8 месяцев мурун

Замандаштардын бир тобу, 100 дөн ашуун адам, анын ичинде окумуштуулар, акын-жазуучулар, журналисттер коомдук ишмерлер Олжобай Шакирди н камалышы боюнча президент Садыр Жапарвого жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылдуу жолдоду.   

-Улуттук адабиятты өнүктүрүү жана коомду агартуу мүдөөсүн көздөгөн “РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү, жазуучу Олжобай Шакирдин камалышы чоӊ катачылык болду. “Бийликти басып алууга чакырган” деген айып чындыкка такыр коошпойт. Тескерисинче, ал улам бир төӊкөрүштү кайталай бергенден оӊолуп кетпейбиз, бүлгүнчүл күчтөрдүн бийликти басып алышына жол койбойлу деп эскертип келген, -деп айтылат кайрылууда.  

«Ооба, Олжобайды баатыр көргөзүүдөн алыспыз. Бирок бир чындыкка көз жуумп коюу мүмкүн эмес: ал кылмышкер да, коррупционер да, чыккынчы эмес экендигине кепил боло алабыз. Кошоматчылардын барымтасында калган бийликтин күнү тез эле бүтөрүн буга чейинки үч төңкөрүш далилдебеди беле?»

«Олжобай – элди маданий-агартуу ишине башын сайып, айлыксыз, өз үйүн офис кылып, күнү-түнү жанын карч уруп иштеп жаткан коомдук ишмер. Эл ичинен демөөрчү таап, канча адабий конкурстарды өткөрдү. Мындай демилге өнүккөн өлкөлөрдө сөзсүз түрдө колдоого алынары белгилүү».

«Жазуучуну боштондукка чыгарыӊыздар» деп айтылат Фейсбук баракчасына жарыяланган  кайрылууда.   

Олжобай – элди маданий-агартуу ишине башын сайып, айлыксыз, өз үйүн офис кылып, күнү-түнү жанын карч уруп иштеп жаткан коомдук ишмер. Эл ичинен демөөрчү таап, канча адабий конкурстарды өткөрдү. Мындай демилге өнүккөн өлкөлөрдө сөзсүз түрдө колдоого алынары белгилүү.

 

24-августта Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Олжобай Шакирди эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

21-августта Олжобай Шакир элди тынчтык митингине үндөгөн билдирүү жарыялаган. Анда ал Ысык-Көлдөгү төрт пансионаттын Өзбекстанга берилишине каршы 31-августта митинг өтөрүн айтып, кайдыгер эмес жарандарды катышууга чакырган.

17-августта Кыргызстан Ысык-Көлдөгү төрт пансионатты Өзбекстанга 49 жылга башкарууга берери тууралуу маалымат тараган. Анда Ысык-Көлдүн жээктеринде “Эне-Сай”, “Бостери”, “Алтын Жай” жана “Бустон” пансионаттары жайгашкан жерлер ижарага берилип, ал эми коңшу өлкө пасионаттарды реконструкциядан өткөрөрү айтылат. 

Сүрөттө: Олжобай Шакир. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты